Факультет экономики и менеджмента

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасы

Кафедранын тарыхы

1938-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун агрономиялык факультети уюлушу менен өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасы да уюштурулган. Кафедранын алгачкы башчысы Ф.Т. Логинов болгон. Кийинки жылдарда ал кафедрага В.Г. Полторацкий, Я.А. Иванов, И.И. Таранов, Н.И. Афанасенко, профессорлор В.Н. Ковалев, А.Г. Тен, Ж.А. Акималиев, Н.И. Ибраимов, доценттер А.Ж. Асаналиев, К.К. Джунусов сыяктуу окумуштуу-педагогдор башчылык кылышкан.

2004-жылы өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасы өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасы болуп кайрадан уюштурулган.

Ар кандай мезгилдерде кафедрада П.Я. Кочетов, Р.Х. Жаилов, А.И. Хрипченко, Ю.С. Патоцкая, Э.Ф. Алпатова, А.В. Загурский, О.Т. Тажибаев, Г.П. Карабаев, Ы.Б. Бөлөкбаев, С.В. Солдатенко, Н.Г. Наумович, А.И. Кунченко сыяктуу мыкты агроном-педагогдор студенттерге сабак беришкен. Кезегинде ишти  сыйыштыруу жолу менен Кыргызстан дыйканчылык илим- изилдөө институтунун окумуштуулары айыл чарба илимдеринин доктору, профессор М.К. Джунусова, айыл чарба илимдеринин кандидаттары  Г.С. Воробьев, Ю.В. Левченко, Т.Б. Бессонова, К.Н. Осмоналиева, Кыргызстан мал чарба  жана тоют илим-изилдөө институтунун кызматкерлери Ш.Т. Токтокожоев, Б. Тентиева ж.б сабак беришкен.

Азыркы кезде кафедрада башчысы болуп айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент К.Ж.Баялиева, окутуучулар айыл чарба илимдеринин доктору, профессордун м.а. А.Ж. Асаналиев, профессордун м.а. айыл чарба илимдеринин кандидаты профессордун м.а.  К.Э. Эргешова, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доценттин м.а В.С. Султанбаева, улук окутуучулар: Т.А.Айткулов, Н.Б.Адылбаев,ассистенттер: Сапарбек к Уултай, Д.Ч. Чоробекова  иштеп жатышат.

Программанын багыттары жана профили

”Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо” кафедрасы чыгаруучу болуп эсептелет.

Азыркы кезде кафедра 610200-Агрономия багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдайт.

Бакалавриат төмөнкү профилдер боюнча даярдалат:

  1.   Агрономия.
  2.  Бажы кызматындагы фитосанитардык көзөмөл

Магистратура төмөнкү профилдер боюнча даярдалат:

  1.  Агрономия.
  2.  Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин.

           Кафедрада илимий-изилдөө жумуштары жылыга бекитилүүчү университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн планына, кафедралардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн пландарына ылайык жүзөгө ашырылат. 2020-2024-жылдарга кафедраларды стратегиялык өнүктүрүү программасы менен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттары аныкталган:

  1. Чүй өрөөнүнүн шарттарында жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүн илимий жактан негиздөө. Теманын жетекчиси К. Эргешова, аткаруучу К.Б. Орынтаева.
  2. Климаттын өзгөрүү шарттарында томат менен калемпирдин келечектүү сортторунун үрөндүк түшүмдүүлүгүн изилдөө (Кафедралар аралык тема). Теманын жетекчиси К.Н. Осмоналиева, аткаруучу В.А. Султанбаева.
  3. Кыргызстандын аймагында пайдаланууга жол берилген селекциялык жетишкендиктердин Реестрине киргизүү үчүн адаптацияланган сортторду мамлекеттик сыноого өткөрүп берүү максатында Кыргызстандын шарттарында Түштүк-Уралдык багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илимий-изилдөө институтуда чыгарылган картошканын сорттору менен гибриддерин сыноо жана баалоо. Теманын аткаруучулары: А.Ж. Асаналиев, В.А. Султанбаева, айыл чарбалык өсүмдүктөрдү экспертизалоо боюнча Департаменттин директору Т.Ж. Айдаралиев.

              Кафедрада 5 аспирант менен 4 талапкердин жана докторанттардын илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жетекчилери: айыл чарба илимдеринин доктору, профессордун м.а. А.Ж. Асаналиев жана биология илимдеринин кандидаты профессордун м.а. К.К. Джунусов.

             Кафедранын кызматкерлери тарабынан акыркы он жылдыктын ичинде эле 200дөн ашуун илимий макалалар жарыяланган, анын ичинде монографиялар, эң маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрдү өндүрүүнүн заманбап методдорунун актуалдуу маселелери боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана куралдар бар.

Кафедранын кызматкерлери төмөнкүдөй эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышууда:

             1. Түштүк-Уралдык багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илимий-изилдөө институту -“Уралдык федералдык агрардык илим-изилдөө РИА  Урал бөлүм борборунун” ФМБИИ филиалы менен К.И. Скрябин атындагы КУАУнун коллекциялык питомнигинин ортосундагы илимий кызматташтык келишими боюнча Кыргызстандын аймагында пайдаланууга жол берилген селекциялык жетишкендиктердин Реестрине киргизүү үчүн адаптатцияланган сортторду  мамлекеттик сыноого өткөрүп берүү максатында Кырызстандын шарттарында Түштүк-Уралдык багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илимий-изилдөө институтуда  чыгарылган картошкалары менен гибриддерин сыноо жана баалоо боюнча иштер жүрүзүлүүдө. Алар тарабынан Кыргызстанда райондоштуруу үчүн картошканын келечектүү сортторун бөлүү максатында Челябинскинин селекциясынан сортторду жана гибриддерди сыноо жана баалоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ар бир 8-сорт үлгүдөн 63 даанадан картошка өткөрүлүп берилген (Сорттор: Браслет, Кузовок, Губернатор, Каштак, Ицил, Кавалер, Захар, Агат).              2. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (“ФАО”) жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу тармагында студенттердин билимин жакшыртуу максатында “Өзгөчө коркунучтуу пестициддерге (ӨКП) альтернативдүү айыл чарба технологияларды алга жылдыруу жана билимдерин жогорулатууда техникалык жардам көрсөтүү” долбоорун жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.

Кафедрада бир катар чет элдик уюмдар жана окуу жайлары менен билим берүү жана илимий байланыштарды түзгөн.

Анын ичинде:

  1. Илимий изилдөөлөрдүн Эл аралык борбору (СИММИТ, ИКАРДА);
  2. Казак улуттук агрардык университети (Алматы, КР);
  3. Казакстан дыйканчылык жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк илим-изилдөө институту (Алматы, Казакстан Республикасы);
  4. Циньзянь айыл чарба илимдер Академиясы (СУАР, КЭР);
  5. Түштүк-Урал багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илим-изилдөө институту (Челябинск, Россия);
  6. Вайенштефан-Триздорф колдонмо илимдер университети (Германия);
  7. Жаратылыш байлыктары жана жашоо жөнүндө илим университети (BOKU, Австрия);
  8. Азык-түлүк жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын Азиялык демилгеси (AFACI);
  9. Ташкент мамлекеттик агрардык университети (Өзбекстан, Ташкент);
  10. БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО);
  11. Кенбук улуттук университети жана айыл чарбасы менен жашоо жөнүндө илим Колледжи (Тэгу, Корея Республикасы).

Кафедранын курамы

Баялиева Кульмира Жумабековна

Өсүмдүктөрдү өстүрүү жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент.

E-mail: bayalieva1962@mail.ru

Асаналиев Абдыбек Жекшеевич

доктор сельскохозяйственных наук, и. о. профессора
E-mail: asanaly61@mail.ru

Эргешова Кызайым Эргешовна

кандидат сельскохозяйственных наук, и. о. профессора
E-mail: kyzaiym.ergeshova@yandex.com

Султанбаева Виктория Асановна

к.с.-х. н., и.о. доцент
E-mail: victoria.sultanbaeva@mail.ru

Айткулов Таалайбек Орозалиевич

Улуу окутуучусу
taalay.aytkulov@mail.ru

Адылбаев Нурдин Бактыбекович

ассистент
E-mail: nurdin.abylbaev@gmail.com

Сапарбек кызы Уултай

ассистент
Uultai_93@mail.ru

Чоробекова Динара Чоробековна

ассистент
dinara.chorobekova93@mail.ru