Факультет экономики и менеджмента

Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасы

Кафедранын тарыхы

     Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасы (ТАД) 2003- жылы топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык аттуу үч кафедраны бириктирүүнүн негизинде уюштурулган.

     1938-1970-жылдары топурак таануу кафедрасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Д. Я. Михайлов иштеген. Ошондой эле кафедраны профессор Федичкин Г. Я., КР илимине эмгек сиңирген ишмер, профессордун м.а. Кожеков Ж. К.,   айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Карабаев Н. А. жетектеп келишкен.     Агрохимия кафедрасы 1940-жылы негизделген, уюшулган күндөн тартып 1965-жылга чейин кафедраны айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген агроному Кильчевский А. Л. жетектеген. Андан кийин кафедраны доцент Корнева Н. Г., Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген агроному, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Кузнецов Н. И., айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Дүйшембиев Н. Д., айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Ахматбеков М. А., доцент Мамбетов К. Б. жетектеп келишкен.     Дыйканчылык жана тайрыйба ишинин методикалары кафедрасын профессор Сухин В. С., доценттер Осадчий Г.Д., Джолоев М. Д., Бобров В. П., Карабаев Н. А. ж. б. жетектешкен.      

   Кафедранын миссиясы– агрономия, агрохимия жана агро топурак таануу багытында жогорку квалификациялуу, интеллектуалдык жактан өнүккөн, мезгилдин талабына ылайыкташып талап кылынган адистерди жана илимий кадрларды даярдоо.

БАГЫТТАР ЖАНА ПРОФИЛЬДЕР/ПРОГРАММАЛАР

Бакалавриат төмөнкү профилдер боюнча: 

  1. Агрономия.
  2. Агрохимия жана агро топурак таануу.

Магистратура– Агрономия багыты боюнча.

Аспирантура адистиги боюнча: 06.01.04-агрохимия, 03.02.13-топурак таануу.

     Агрономия жана токой чарба факультетинин топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасы (ТАД) К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин эл аралык таанылган билим берүү жана илимий изилдөө мекемеси катары түптөлүшүндө бийиктиктерге жетишүүгө көмөк көрсөтөт.      Негизги максаты – агрономия жана токой чарба факультетинин жана университеттин билим берүү, илимий, коомдук, маданий жана эл аралык ишмердүүлүк тармагында туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Кафедранын өнүгүү милдеттери:

·         Үзгүлтүксүз билим берүү системасында билим берүү программаларын камсыз кылуу менен коомдун өнүгүшүнө салым кошуу.·         Студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн, профессионалдык- багытталган көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн илимий-изилдөө ишмердүүлүгү аркылуу өнүктүрүү.·         Агрономия тармагында республикалык жана эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо.·         Алдыңкы дүйнөлүк практикага негизделген билим берүү ишмердүүлүгүн иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.·         Агрономия тармагында практикага багытталган, талап кылынган адистерди даярдоо үчүн «факультет–кафедра–өндүрүш» кызматташтыгын жөнгө салуу жана өнүктүрүү.·         Талапка жооп берген билим берүү тренинг программаларын жана окутуунун жаңы инновациялык технологияларын иштеп чыгуу.·         Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, техникалык жана маданий байланыштарды колдоо максатында башка ЖОЖ, кафедралар, мекемелер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана жөнгө салуу.·         Ар тараптуу гармониялуу өнүккөн жаштарды тарбиялоого татыктуу салым кошуу.

Кафедранын илимий изилдөө иштери университеттин жана факультеттин илимий изилдөө иштеринин бекитилген пландарына ылайык жүргүзүлөт.         Айыл чарба өсүмдүктөрүн азыктандыруунун теориясын жана практикасын иштеп чыгуу багытында өзгөчө мааниге ээ болгон, 1967-жылдан бери иштеп келе жаткан жер семирткичтер боюнча көп жылдык стационардык тажрыйбасы кафедранын илимий изилдөөлөрүнүн приоритетүү багыттарын аныктайт. 

 

Кафедра төмөнкү негизги темалар боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзөт (Мамлекеттик бюджеттик темалар):1. «Чүй өрөөнүнүн боз-шалбаа топурактарында талаа которуштуруп айдоосундагы өсүмдүктөрдүн азыктануусунун ресурс үнөмдөөчү технологиясы». Теманын жетекчиси профессор Ахматбеков М. А., аткаруучулар  профессордун м.а. Дүйшембиев Н. Д., доцент Мамбетов К. Б., улуу окутуучулар Молдоканова М. С., Мамытканов С. А., лаборант Тайырова Г. А.2. «Түштүк Кыргызстандын дыйканчылыгындагы  негизги топурактардын асылдуулугун жогорулатуунун инновациялык технологияларын иштеп чыгуу».3. «Жер семирткичтердин жана сидералдык өсүмдүктөрдүн топурак асылдуулугуна жана картөшкөнүн түшүмдүүлүгүнө тийгизген таасири». Теманын жетекчиси профессор Карабаев Н. А., аткаруучулар доценттин м.а. Ызаканов Т. Ж. ж. б.4. «Энергия үнөмдөөчү жерди пайдалануунун Чүй өрөөнүндөгү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүнө жана топурактардын агроэкологиялык абалына тийгизген таасири». Теманын жетекчиси доцент Орозакунова Р. Т., аткаруучулар Асаналиев Т, Көчкөнбаев С.

 

     Илимий изилдөө программасын ишке ашыруунун алкагында факультеттин студенттери жана магистранттары (НИРС) кафедранын илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө активдүү катышууда.      Илимий ишке жөндөмдүү студенттер жана магистранттар, илимий жетекчинин жетекчилигинде, кафедранын көп жылдык стационардык тажрыйба талаасында өз алдынча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, курстук, бүтүрүүчү квалификациялык иштерди жана кандидаттык диссертацияларды жазуу үчүн керектуу материалдарды чогултушат.

 

Агрономия тармагында жогорку квалификациялуу адистерди жана илимий кадрларды даярдоо үчүн кафедрада заманбап окуу, лабораториялык жана окуу-өндүрүштүк база түзүлгөн.

     Кафедрада учурдун талабына жооп берген эки инновациялык илимий лаборатория бар. 1. Кыргыз-Япон топурак-агрохимиялык лабораториясы (JICA – Япониянын эл  аралык кызматташтык бюросу).2. Эки автономдуу метеостанция жана CD – моделдөө лабораториясын      камтыган суунун, топурактын жана өсүмдүктөрдүн сапатын изилдөө үчүн      Борбордук Азиянын айыл чарба ресурстарын изилдөө боюнча негизги      лаборатория.      Жогорудагы лабораториялардын базасында окутуучулардын, докторанттардын, магистранттардын жана студенттердин квалификациясын жогорулатуу курстары жана илим-изилдөөлөр жүргүзүлуп келүүдө.

Состав кафедры

Ызаканов Т.Ж

Агрономия жана токой чарба факультетинин топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын башчысынын м.а.
E-mail: talgar2009@mail.ru

Кеңири...

Ахматбеков М. А.

К. И. Скрябин атындыгы Кыргыз улуттук агрардык университетинин топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын профессору.
E-mail: musaahmatbekov007@gmail.com
Кеңири...

Карабаев Н.А

Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын профессору.
E-mail: nuru51@mail.ru
Кеңири...

Мамбетов Кумушбек Бекитаевич

Агрономия жана токой чарба факультетинин деканы, «Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык» кафедрасынын доценти
E-mail: kumushbek.mambetov@mail.ru
Кеңири...

Орозакунова Р.Т.

доцент, биология илимдеринин кандидаты.
E-mail: orozakunovaroza@mail.ru
Кеңири...

Мамытканов С.А.

Ага окутуучу
e-mail: smamytkanov74@mail.ru
Кеңири...

Молдоканова М.С

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономия жана токой чарба факультетинин топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын улуу окутуучусу
E-mail: seitova555@mail.ru
Кеңири...

Джайнакова Гульнур Бердибаевна,

К. И. Скрябин ат. КУАУнин “Топурактаануу, агрохимия жана дыйканчылык” кафедрасынын доценттин м.а.
E-mail: Gulnur.1403@mail.ru
Кеңири...

Айбек кызы Алтынбүбү

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин лаборанты
e-mail:aybekkyzy2000@bk.ru
Кеңири...