Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасы (ТАД) 2003- жылы топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык аттуу үч кафедраны бириктирүүнүн негизинде уюштурулган.
1938-1970-жылдары топурак таануу кафедрасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Д. Я. Михайлов иштеген. Ошондой эле кафедраны профессор Федичкин Г. Я., КР илимине эмгек сиңирген ишмер, профессордун м.а. Кожеков Ж. К., айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Карабаев Н. А. жетектеп келишкен. Агрохимия кафедрасы 1940-жылы негизделген, уюшулган күндөн тартып 1965-жылга чейин кафедраны айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген агроному Кильчевский А. Л. жетектеген. Андан кийин кафедраны доцент Корнева Н. Г., Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген агроному, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Кузнецов Н. И., айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Дүйшембиев Н. Д., айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Ахматбеков М. А., доцент Мамбетов К. Б. жетектеп келишкен. Дыйканчылык жана тайрыйба ишинин методикалары кафедрасын профессор Сухин В. С., доценттер Осадчий Г.Д., Джолоев М. Д., Бобров В. П., Карабаев Н. А. ж. б. жетектешкен.
Кафедранын миссиясы– агрономия, агрохимия жана агро топурак таануу багытында жогорку квалификациялуу, интеллектуалдык жактан өнүккөн, мезгилдин талабына ылайыкташып талап кылынган адистерди жана илимий кадрларды даярдоо.
Бакалавриат төмөнкү профилдер боюнча:
Магистратура– Агрономия багыты боюнча.
Аспирантура адистиги боюнча: 06.01.04-агрохимия, 03.02.13-топурак таануу.
Агрономия жана токой чарба факультетинин топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасы (ТАД) К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин эл аралык таанылган билим берүү жана илимий изилдөө мекемеси катары түптөлүшүндө бийиктиктерге жетишүүгө көмөк көрсөтөт. Негизги максаты – агрономия жана токой чарба факультетинин жана университеттин билим берүү, илимий, коомдук, маданий жана эл аралык ишмердүүлүк тармагында туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.
Кафедранын өнүгүү милдеттери:
· Үзгүлтүксүз билим берүү системасында билим берүү программаларын камсыз кылуу менен коомдун өнүгүшүнө салым кошуу.· Студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн, профессионалдык- багытталган көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн илимий-изилдөө ишмердүүлүгү аркылуу өнүктүрүү.· Агрономия тармагында республикалык жана эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо.· Алдыңкы дүйнөлүк практикага негизделген билим берүү ишмердүүлүгүн иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.· Агрономия тармагында практикага багытталган, талап кылынган адистерди даярдоо үчүн «факультет–кафедра–өндүрүш» кызматташтыгын жөнгө салуу жана өнүктүрүү.· Талапка жооп берген билим берүү тренинг программаларын жана окутуунун жаңы инновациялык технологияларын иштеп чыгуу.· Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, техникалык жана маданий байланыштарды колдоо максатында башка ЖОЖ, кафедралар, мекемелер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана жөнгө салуу.· Ар тараптуу гармониялуу өнүккөн жаштарды тарбиялоого татыктуу салым кошуу.
Кафедранын илимий изилдөө иштери университеттин жана факультеттин илимий изилдөө иштеринин бекитилген пландарына ылайык жүргүзүлөт. Айыл чарба өсүмдүктөрүн азыктандыруунун теориясын жана практикасын иштеп чыгуу багытында өзгөчө мааниге ээ болгон, 1967-жылдан бери иштеп келе жаткан жер семирткичтер боюнча көп жылдык стационардык тажрыйбасы кафедранын илимий изилдөөлөрүнүн приоритетүү багыттарын аныктайт.
Кафедра төмөнкү негизги темалар боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзөт (Мамлекеттик бюджеттик темалар):1. «Чүй өрөөнүнүн боз-шалбаа топурактарында талаа которуштуруп айдоосундагы өсүмдүктөрдүн азыктануусунун ресурс үнөмдөөчү технологиясы». Теманын жетекчиси профессор Ахматбеков М. А., аткаруучулар профессордун м.а. Дүйшембиев Н. Д., доцент Мамбетов К. Б., улуу окутуучулар Молдоканова М. С., Мамытканов С. А., лаборант Тайырова Г. А.2. «Түштүк Кыргызстандын дыйканчылыгындагы негизги топурактардын асылдуулугун жогорулатуунун инновациялык технологияларын иштеп чыгуу».3. «Жер семирткичтердин жана сидералдык өсүмдүктөрдүн топурак асылдуулугуна жана картөшкөнүн түшүмдүүлүгүнө тийгизген таасири». Теманын жетекчиси профессор Карабаев Н. А., аткаруучулар доценттин м.а. Ызаканов Т. Ж. ж. б.4. «Энергия үнөмдөөчү жерди пайдалануунун Чүй өрөөнүндөгү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүнө жана топурактардын агроэкологиялык абалына тийгизген таасири». Теманын жетекчиси доцент Орозакунова Р. Т., аткаруучулар Асаналиев Т, Көчкөнбаев С.
Илимий изилдөө программасын ишке ашыруунун алкагында факультеттин студенттери жана магистранттары (НИРС) кафедранын илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө активдүү катышууда. Илимий ишке жөндөмдүү студенттер жана магистранттар, илимий жетекчинин жетекчилигинде, кафедранын көп жылдык стационардык тажрыйба талаасында өз алдынча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, курстук, бүтүрүүчү квалификациялык иштерди жана кандидаттык диссертацияларды жазуу үчүн керектуу материалдарды чогултушат.
Агрономия тармагында жогорку квалификациялуу адистерди жана илимий кадрларды даярдоо үчүн кафедрада заманбап окуу, лабораториялык жана окуу-өндүрүштүк база түзүлгөн.
Кафедрада учурдун талабына жооп берген эки инновациялык илимий лаборатория бар. 1. Кыргыз-Япон топурак-агрохимиялык лабораториясы (JICA – Япониянын эл аралык кызматташтык бюросу).2. Эки автономдуу метеостанция жана CD – моделдөө лабораториясын камтыган суунун, топурактын жана өсүмдүктөрдүн сапатын изилдөө үчүн Борбордук Азиянын айыл чарба ресурстарын изилдөө боюнча негизги лаборатория. Жогорудагы лабораториялардын базасында окутуучулардын, докторанттардын, магистранттардын жана студенттердин квалификациясын жогорулатуу курстары жана илим-изилдөөлөр жүргүзүлуп келүүдө.
ЫЗАКАНОВ ТАЛГАРБЕК ЖАРКЫНБАЕВИЧ
Туулган жылы: 09.07.1978 жыл.
Туулган жери: Жалал- Абад облусунун Аксы районунун Кара-
Жыгач айылы.
Кызматы жана иштеген орду: Топурак таануу, агрохимия жана
дыйканчылык кафедрасынын доцентинин м.а.
Билими: жогорку, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз
агрардык академиясы, Агроэколог, Бишкек. 1996-
2001 жж.
Аспирантура- К.И. Скрябин атындагы Кыргыз
агрардык университети. Бишкек. 2002- 2005 жж.
Илимий даражасы: айыл чарба илимдеринин кандидаты
Илимий наамы: доценттин м.а.
Сыйлыктары: К.И. Скрябин атындагы КУАУ грамотасы (2009),
Спорт жаатындагы бир канча дипломдор
Жалпы эмгек тажрыйбасы: 26 жыл
Эмгек ишмердүүлүгү: 2003- 2006 жылдары Республикалык топурак-
агрохимиялык станциясында инженер;
2006- 2008 жылдары агрардык университеттин
Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо
кафедрасынын улуу окутуучусу;
2008- 2020 жылдары К.И. Скрябин атындагы
Кыргыз улуттук агрардык университетинин
илим бөлүмүнүн илимий кызматкери;
2020- жылдан учурдагы мезгилге чейин К.И.
Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык
университетинин топурак таануу, агрохимия жана
дыйканчылык кафедрасында доценттин м.а.
кызматында иштеп келем.
Илимий изилдөө багыты: топурактардын туздануу көйгөйлөрү
Жарыкка чыккан эмгектердин саны: 31
Окутулуучу сабактар: Илимий изилдөөнүн негиздери, Агрономиянын
негиздери; Айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү
технологиясы; Микробиология; мелиоративдик
дыйканчылык.
Тажрыйба алуу жана квалификацияны жогорулатуу курстары:
Россия мамлекеттик интелектуалдык менчик академиясы. Курсту жогорулатуу куболугу. Москва. 2016; Сертификат ФАО-КУАУ- Топурак таануучулар коому. Бишкек. 2015; Сертификат «Практические вопросы создания и развития Евразийской почвенной информационной системы». Бишкек. 2018; Сертификат Кыргызпатент. Бишкек. 2019.
Жарыкка чыккан негизги эмгектер:
Тил билуусу: кыргыз, орусчо- эркин; англис тили- котормо (создук) менен.
Ахматбеков Мусакун Ахматбекович
Туулган жылы: 22- ноябрь 1947 жыл.
Туулган жери: Нарын облусунун Нарын районунун Таш-Башат
айылы.
Кызматы жана иштеген орду: К. И. Скрябин атындыгы Кыргыз улуттук
агрардык университетинин топурак таануу,
агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын
профессору.
Окумуштуу даражасы: айыл чарба илимдеринин доктору (2000).
Окумуштуулук наамы: доцент (1983), профессор (2002).
Билими: жогорку, К. А. Тимирязев атындагы Москва
айыл чарба академиясынын агрономия
факультети (1968), «Окумуштуу агроном»
квалификациясын аяктаган.
Сыйлыктары: К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба
институтунун Ардак грамоталары (ноябрь1982,
май 1990), Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин
Грамотасы (июль,1983), Билим берүү жана илим
министрлигинин «Кыргыз Республикасынын
билим берүүнүн отличниги» төш белгиси (2008).
Жалпы эмгек тажрыйбасы: 53 жыл.
Иш тажрыйбасы жана илимий изилдөө багыты: Агрономиялык химиядагы темалардын кеңири спектрин камтыйт, анын ичинде өсүмдүктөрдүн азыктанышын агрохимиясы, топурак агрохимиясы, азык заттардын жана жер семирткичтердин, макро (NPK) микроэлементтерди (B, Mn, Zn) камтыган агрохимиясы жана өсүмдүктөрдүн жер семирткичтер системалары, экологиялык агрохимия, агрохимиялык изилдөө методикалары. Мындан тышкары, 53 жылдан ашык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүмдөгү илимий кызыгууларымдын багыты пахтанын, кант кызылчасынын үрөндөрүн, айрым май жана буурчак өсүмдүктөрүнүн (сафлор, соя, буурчак) азыктанышына жана жер семирткичтердин шартын изилдөөгө, ошондой эле дан, мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүктөрүн оруп жыйнагандан кийин иштетүүнүн, сактоонун жана алгачкы кайра иштетүүнүн негиздерине арналган. Күздүк буудайды жана жаздык арпаны боз-шалбаа топурактарында азыктандыруунун агрохимиялык негиздери мурдагы Советтер Союзунун учурунда, азыркы мезгилде республикада бирден-бир сакталып калган агрохимия кафедрасынын жер семирткичтер боюнча стационардык тажрыйбасында тереңирээк изилденген. Республикада биринчи жолу күздүк буудайдын топурак жана өсүмдүктүк азыктандырышын диагностикалоо методдору түзүлүп жана өндүрүшкө сунушталды, бул өсүмдүктүн азот, фосфор жана калий менен камсыз болуу градациялык камтылышы топурактагы жана жалбырактагы курамына жараша аныкталды жана анын негизинде күздүк буудайдын түшүмдүүлүгүнүн ар кандай деңгээлдери үчүн макро жана микро жер семирткичтердин кыйла оптималдаштырылган нормалары, өлчөмдөрү жана формалары, айыл чарба өсүмдүктөрүн программалоо элементтерин колдонуу менен сунушталды. Ушундай эле жумуштар азыркы учурда жазгы арпа менен аяктап жатат. Акыркы жылдары которуштуруп айдоодо азыктандыруу шарттарынын өзгөрүшүнүн шартында топурактын, өсүмдүктөрдүн жана товардык продукциянын экологиялык мониторинги жүргүзүлүүдө. Боз-шалбаа топурактарынын фундаменталдык касиеттеринин (параметрлеринин) өнүгүү динамикасына (агрохимиялык, агрофизикалык жана микробиологиялык планаштырылууда) байкоолор жүргүзүлүүдө, ал келечекте өсүмдүктөрдүн азыктануу шарттары менен мүмкүн болгон кырдаалдарды моделдештирип, андан кийин болжолдоого мүмкүндүк берет. Анын негизинде талаа которуштуруп айдоолор үчүн жер семирткичтердин сарамжалдуу системаларын иштеп чыгууга шарт түзөт.
Жарык чыккан эмгектердин саны: жалпы 174, анын ичинде 3 монография, 1 окуу куралы, 31 методикалык көрсөтмөлөр, 11 өндүрүш үчүн сунуштар.
Окутулуучу сабактары: агрохимия, органикалык дыйканчылыктагы алдыңкы технологиялар
Тажрыйба алуу жана квалификацияны жогорулатуу курстары: К. А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясынын алдындагы агрономия жана жашылча-жемиш факультети (жашылча-жемиштерди сактоо жана кайра иштетүү кафедрасы, айыл чарба продуктыларын сактоо жана кайра иштетүү кафедрасы)- Айыл чарба продуктыларын сактоо жана кайра иштетүү боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары (02-05 1988), «TEACHEX» ЖОЖ Академиясынын «Компетенттүүлүк мамиленин негизинде мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын иштеп чыгуу» курсунун угуучусу. 14-19. 10.2009. Бишкек. КыргызстанЯпонияда “Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн колдонула элек органикалык заттардын ресурстарын пайдалануу менен туруктуу айыл чарбасы” курсу (25.06.13.-22.07.13) Саппоро шаары.
Негизги илимий эмгектер:
Кадрларды даярдоо: бир илимдин кандидаты, бир изилденүүчүнүн илимий жетекчиси жана бир докторанттын илимий консультанты.
Диссертациялык кеңеште катышуусу: К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агардык университетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун алдындагы агрономия боюнча ведомство аралык диссертациялык кеңештин төрагасы.
Илимий долбоорлордогу ишмердүүлүк: Кургакчыл аймактардагы айыл чарба изилдөөлөр боюнча эл аралык борборунун (ИКАРДА) долбоорунда жооптуу аткаруучу, андан кийин «Дыйканчылык» блогунун жетекчиси, ошондой эле Кыргыз агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасында (2000-2007) аталган темада талаа которуштуруп айдоодо демонстрациялык-көргөзмө участогун түзүүнүн жана иштетүүнүн уюштуруучусу, 2009-жылдан бери «Кыргыз Республикасынын Чүй өрөөнүнүн боз-шалбаа топурактарында талаа которуштуруп айдоосундагы өсүмдүктөрдүн азыктануусунун ресурс үнөмдөөчү технологиясы», ошондой эле республикалык бюджеттен каржыланган «Чүй өрөөнүндөгү кант кызылчасынын эгиндериндеги глаукониттин эффективдүүлүгү» аталган темалардын жетекчиси.“Кыргыз Республикасында биогаз технологияларын жайылтууга көмөктөшүү” жана “Кыргыз Республикасында органикалык жер семирткичтерди жайылтууга көмөктөшүү” аталыштагы эл аралык долбоорлордун жетекчиси жана аткаруучусу.Эл аралык конференцияларга же семинарларга катышуу:
1.Кургакчыл аймактардагы айыл чарба изилдөөлөр борбору (ИКАРДА, Алма-Ата, Бишкек) тарабынан уюштурулган «Өсүмдүк өстүрүүчүлүктү диверсификациялоо жана топурак-коргоочу дыйканчылык» Эл аралык семинарынын катышуучусу, июнь 2001 (Казакстан, Кыргызстан).
3. 2006-жылдын октябрь-ноябрь айларында Германиядан APPLIED SCIENCAS университети тарабынан уюштурулган «Өндүрүштүн экономикасы» Эл аралык семинарынын катышуучусу.4. Айыл чарба технологиялары жана өсүмдүктөрдү азыктандыруу боюнча биринчи Борбор Азия конгресси. 1-3 октябрь, 2013-жыл. Бишкек ш.5. “Ресурстарды колдонуу жана универсалдуу башкаруу жөнүндө” Эл аралык илимий-практикалык конференция. 25.02.14-02.03.2014. Үрүмчү.
7. “Борбордук Азиядагы жерлердин деградациясынын экономикасы” аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция: менен. 14-17. 03.2013 Алма-Ата.
Тил билүүсү: кыргызча, орусча- эркин, англисче- котормо (сөздүк) менен.
КАРАБАЕВ НУРУДИН АБЫЛАЕВИЧ
Туулган жылы: 27 июль 1951 жыл, Кыргыз Республикасы.
Туулган жери: Талас районунун Калба айылы.
Ээлеген кызматы
жана орду: Топурак таануу, агрохимия жана
дыйканчылык кафедрасынын профессору.
Билими: жогорку, окумуштуу агроном, топурак таануучу,
эколог.
1968-1973 жж. К. И. Скрябин атындагы айыл чарба
институтунун агрономия факультети
1976-1979 жж. КР айыл чарба министрлигинин топурак таануу
Кыргыз илим-изилдөө институнунда күндүзгү
аспирантура.
Окумуштуу даражасы:
1982 ж. Айыл чарба илимдеринин кандидаты.
2000 ж. Айыл чарба илимдеринин доктору.
Окумуштуулук наамы:
1993 ж. Дыйканчылык кафедрасынын доценти.
2003 ж. Профессор.
Сыйлыктары: ………………………………………………..
Иш тажрыйбасы:
1.09.2020- ж. бери КУАУнун профессору
04.01.18 -20.07.19 Кыргыз дыйынчылык илим-изилдөө
институтунун директору
01.09.17-04.01.18 КУАУнун профессору
2010-2017 жж. КУАУнун агрономия жана токой чарба
факультетинин деканы
2010-2009 жж. КУАУнун профессору
2004-2009 жж. КУАУнун Агроинженердик институтунун
директору
2002-2004 жж. КУАУнун проректору
1993-2002 жж. КУАУнун кафедра башчысы
1991-1993 жж. КУАУнун доценти
1989-1991 жж. КР Айыл чарба министрлигинин сатып алуу жана продукциянын сапаты боюнча Мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары
1987-1989 жж. КР Мамлекеттик пландоосунун Агроөнөр жай
комплексинин КНИИ илимий-техникалык
маалымат бөлүмүнүн жетекчиси
1973-1987 жж. Кок-Сай совхозунун агроному, кенже илимий
кызматкер, аспирант, улуу илимий кызматкер,
КР айыл чарба министрлигинин топурак таануу
Кыргыз илим-изилдөө институтунун
лаборатория башчысы
Илимий-өндүрүштүк
ишмердүүлүгү
жана багыты: илимий, окуу жана өндүрүштүк бөлүмдөрдү
башкаруу, илимий кадрларды даярдоо жана эл
чарбасы үчүн жогорку квалификациялуу
адистерди даярдоо, илимий багыты топурак
таануу.
Илимий, окуу, окуу-
методикалык эмгектердин саны: 316
Окутуучу сабактары: топурак таануу, органикалык айыл чарбасы,
топурак экологиясы, органикалык дыйканчылык,
экологиялык дыйканчылык, дыйканчылык
системасы, топурак коргоочу жана энергия
үнөмдөөчү дыйканчылык системасы.
Тажрыйба алуу жана
квалификацияны жогорулатуу
курстары:
1975 ж. МГУ им. М.В. Ломоносов атындагы Москва
мамлекеттик университети, 1,6 ай
1994 ж. Германия чарбаларынын айыл чарба изилдөөлөрүнүн федералдык борбору (ФАЛ), Брауншвайг, 2 ай
1997 ж. ФАЛ Германии, Брауншвайг, 2 ай
2010 ж. Дрезден техникалык университети. ФРГ, 1 ай.
Негизги илимий эмгектери:
основных типов почв Киргизии» (1976).
горных почв Тянь-Шаня (1980)».
и продуктивности горных почв Кыргызстана/
Монография.-Бишкек, 2000.
Тил билүүсү: кыргызча, орусча- эркин, немец тили-ортонку
деңгээлде.
Көндүмдөрү: автомобил айдоо, компьютерде иштөө.
Мамбетов Кумушбек Бекитаевич
Туулган жылы: 06.12.1956 ж.
Туулган жери: Белек айылы. Чуй облусунун Сокулук району.
Кызматы жана иштеген орду:
Агрономия жана токой чарба факультетинин деканы,
«Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык»
кафедрасынын доценти.
Билими: 1979-жылы К. И. Скрябин атындагы айыл чарба
институтун «Агрономия» адистиги боюнча аяктаган.
Окумуштуулук даражасы: айыл чарба илимдеринин кандидаты.
Окумуштуу наамы: доцент
Сыйлыктары:
– Жалпы профсоюз федерациясынын Ардак грамотасы. Москва ш., 2007 ж.
– Россиянын Агрононоржай комплексинин профсоюз кызматкерлеринин Ардак грамотасы. Москава ш., 2008 ж.
– Кыргызстандын профсоюзунун алдындагы эмгеги учун» Тош белги. Кыргызстан профсоюз федерациясы. 2010 ж.
– К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Ардак грамотасы. 2015 ж.
– КР Билим жана илим министрлигинин Ардык грамотасы. 2018 ж.
– Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясынын Ардак грамотасы. Россия, 2021 ж..
– КР айыл чарба министрлигинин Ардак грамотасы. 2021 ж.
Эмгек тайрыйбасы: жалпы эмгек тажрыйбасы 42 жыл, а.и. К.И. Скрябин
атындагы КУАУда 28 жыл.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1979-1998 жж. Аспирантурада окуу, кенже илимий кызматкер, ассистент,
улуу окутуучу, доценттин м. а., К. И. Скрябин атындагы
КУАУ профсоюз комитетинин төрагасы.
1998-2012 жж. Агрөнөр жай комплексинин профсоюз кызматкерлеринин
БК төрагасы, Кыргыз Республикасынын профсоюз
Федерациясынын төрагасынын орун басары.
2013 ж. учурдагы мезгилге чейин доцент, ТАД кафедрасынын башчысы, К.
И. Скрябин аындагы КУАУнун агрономия жана токой
чарба факультетинин деканы.
Илимий ишмердүүлүгү: Агрохимия-06.01.04 адистиги боюнча илимий
изилдөөлөргө багытталган.
Илимий эмгектери: чет өлкө жана республикалык журнал жана
басылмаларда жарык көргөн 3 монография
(авторлоштуруу менен), 80 ашык илимий, окуу-
методикалык көрсөтмө жана колдонмолордун ээси.
Кафедра боюнча бекитилген сабактар:
биохимиясы 3. Агрономиядагы илимий изилдөөлөрдүн
негиздери.
Тажрыйба алуу жана квалиификацияны жогорулатуу курстары:
– К. А. Тимирязев атындагы РМАУ- МСХАнын квалификацияны жогорулатуу курсу. Москва ш., июль-сентябрь 1988 ж.
– «Органикалык дыйканчылыкты туруктуу өнүктүрүү» темасында илимий-өндүрүштүк практика. Япония. Саппоро ш. Жапон эл аралык кызматташуу агентствосу. JICA, июнь – июль 2014 ж.
– Айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү, борбордук Азияда жогорку өндүрүмдүү пахтанын сортторун өндүрүү технологиясы. КЭР айыл чарба илимдер академиясы. Үрүмчү ш. сентябрь 2018 ж.
Негизги илимий эмгектери:
– «Агрохимические основы высокой продуктивности озимой пшеницы» (Монография в соавторстве). Бишкек, изд. «Турар», 2003. – С.368., Кузнецов Н.И., Ахматбеков М.А., Дуйшембиев Н.Д., Кормилина Е.Г., Карыпкулов Н.А.
– «Научные основы системы удобрения культур свекловичных севооборотов Кыргызстана» (Монография в соавторстве), Бишкек, изд. «Турар», 2003. С.479., Кузнецов Н.И., Ахматбеков М.А., Дуйшембиев Н.Д., Кормилина Е.Г., Карыпкулов Н.А.
– «Применение удобрений и содержание тяжелых металлов и микроэлементов в зерне озимой пшеницы и ярового ячменя» «Путь науки» Международный научный журнал, № 12 (34), 2016, С.43 – 46, Дуйшембиев Н. Д., Жайнакова Г. Б.
– «Продуктивность ярового ячменя во второй ротации свекловичного севооборота на сероземно-луговых почвах Чуйской долины», «Путь науки» Международный научный журнал, № 12 (34), 2016, С.47 – 49, Дуйшембиев Н. Д., Ахматбеков М.А.
– «Продуктивность озимой пшеницы при ресурсосберегающей системе питания культур полевого севооборота на сероземно-луговой почве Чуйской долины» Вестник КНАУ им. К. И. Скрябина №5 (41), 2016., С. 167-171. Ахматбеков М. А., Дуйшембиев Н. Д., Молдоканова М. С.
-“Коэффициент использования элементов питания растениями в севообороте при длительном применении удобрений” Вестник КНАУ им. К. И.
Долбоорлордогу иш тажрыйбасы:
– «Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы коопсуздук, эмгек шарттары жана ден-соолукту коргоо долбоору». Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык эмгек уюму, ЭЭУнун штаб-квартирасы, Женева, Швейцария.
– «Айыл чарбасында балдар эмгегинин эң начар формаларын жок кылуу долбоору» ECLT Фонду, Женева, Швейцария.
– “Кыргыз Республикасында органикалык дыйканчылыктын жайылышына көмөктөшүү”, “Топуракты талдоо технологияларын, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү технологияларын жайылтуу максатында кадрдык ресурстарды өнүктүрүү” долбоорлору. Япониянын Эл аралык кызматташтык бюросу JICA, Саппоро, Япония.
Тил билүүсү: кыргызча, орусча- эркин, англис тили котормо(сөздүк) менен.
Күнүмүдөрү:
– жумушчу группа жана комиссиялардын мүчөсү жана жетекчиси;
– эл аралык жана мамлекеттик мекемелердин долбоорлорлорунда
катышуусу;
– окуу процессин уюштуруу, жетектөө жана ишке ашыруу;
– илимий – изилдөө ишмердүүлүк.
ОРОЗАКУНОВА РОЗА ТУРСУНОВНА
Туулган жылы: 07.10.1960 жыл.
Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Григорьевка
айылы.
Билими: Казак айыл чарба институту, топурак- агрохимиялык
факультет, окумуштуу агроном, агрохимик-топурак
таануучу (1980-1985 жж.).
КР УИА Биология- топурак таануу институтунда
аспирантура (күндүзгү) (1991- 1994 жж.)
Илимий дараждасы: биология илимдеринин кандидаты.
Илимий наамы: доцент
Сыйлыктары: · Кыргыз билим берүү академиясынын педагогикалык
кадрлардын квалификациясын жогорулатуу
факультетинин алкышы.
грамотасы.
жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги.
Жалпы эмгек тажрыйбасы: 42 жыл.
Эмгек тажрыйбасы: · КУАУнун суунун, топурактын жана
өсүмдүктөрдүн сапатын изилдөө боюнча Борбордук
Азиянын айыл чарба ресурстарын изилдөө
лабораториясынын башчысы (2020 ж. бери).
– Аспирантура. КР УИА Биология- топурак таануу
институту (1991- 1994 жж.).
– Кыргыз ССРнин Илимдер академиясы, кенже
илимий кызматкер (1987- 1991 жж.).
– Кыргызмамжер долбоор институту, инженер-
топурак таануучу (1985- 1987 жж.).
Илимий изилдөө багыты: тоо топурактарынын органикалык заттарынын
биоэнергетикасы, жайыт пайдалануу, Кыргызстандын
кара топурактары, топурактын органикалык заттары,
гумус, топурак асылдуулугу.
Жарыкка чыккан эмгектеринин саны: 52
Окутулуучу сабактар: Геология минералогиянын негизи менен, Топурак
таануу.
Тажрыйба алуу жана квалификацияны жогорулатуу курстары: Кыргыз
билим берүү академиясынын педагогикалык
кадрлардын квалификациясын жогорулатуу
факультети (2005 ж.).
Негизги илимий эмгектери:
Тил билүүсү: Кыргыз-эне тили; Орусча – эркин; Немец тили – котормо
менен; Англис тили – баштапкы деңгээл.
Көнүмдөрү: MS Word, Excel, Power Point, Internet, e-mail.
Мамытканов Советбек Асангазиевич
Туулган жылы: 26.03.1974 ж.
Туулган жери: Жети- Өгүз району Ысык-Көл облусу
Кызматы жана иштеген орду: Агрономия жана токой чарба факультетинин
топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык
кафедрасынын башчысынын м.а.
Билими: К. И. Скрябин атындагы «Ардак Белгиси» ордендүү
Кыргыз айыл чарба институтунун агроэкология
адистиги окумуштуу агроном адистиги (1996).
Илимий даражасы: айыл чарба илимдеринин кандидаты
Илимий наамы: –
Сыйлыктары: «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институтунун
Ардак грамотасы, КР жаратылыш ресурстары
министрлигинин Ардак грамотасы, КРО алдындагы
кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо мамлекеттик
агенствосунун Ардак грамотасы.
Эмгек тажрыйбасы: 30 жыл, анын ичинен окутуучулук тажрыйба 5 жыл
Эмгек ишмердүүлүгү:
1996-1997 жж. Кыргыз топурак таануу жана агрохимия илим-
изилдөө институту, кенже илимий кызматкер;
1997-2000 жж. «Кыргызмамжердолбоор» жерге жайгаштыруу
институтунун 2- категориядагы инженери;
2000- 2003 жж. «Кыргызмамжердолбоор» жерге жайгаштыруу
институтунун топурак экспедициясынын группа
жетекчиси;
2003- 2007 жж. Республикалык топурак-агрохимиялык
станциясынын жерлерди бонитировкалоо бөлүмүнүн
башчысы;
2007- 2009 жж. К.И Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык
университетинин улуу окутуучусунун м.а., улуу
окутуучу;
2009- 2014 жж. Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын
жерлерди бонитировкалоо бөлүмүнүн башчысы;
2014- 2015 жж. КР айыл чарба жана мелиорация министрлигинин
органикалык дыйканчылык секторунун жетектөөчү
адисинин м.а.;
2015- 2021 жж. Бириккен улуттар уюмунун азык- түлүк жана айыл
чарба уюмунун (ФАО ООН) КР өкүлчүлүгү.
Техникалык адис;
2020- учурга чейин: К.И Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык
университетинде улуу окутуучу, Топурак таануу,
агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын
башчысынын м.а.
Долбоорлордогу иш тажрыйбасы: «Азиянын топурак картасын жана улуттук топурак маалымат системасын иштеп чыгуу» AFACI долбоору, изилдөөчү; «Региондорду туруктуу өнүктүрүү» GIZ программасы, эксперт; «Климаттын өзгөрүү шартында тоолу токой жана жер ресурстарын туруктуу башкаруу» ФАО-ГЭФ долбоору, улуттук консультант, техникалык адис; «Терек” алтын кенин иштетүү зонасында айлана-чөйрөнүн учурдагы (фонддук) абалына изилдөө жүргүзүү», топурак боюнча эксперт (КР «Палладекс КР» ЖЧК); Чатыр-Көл көлүнүн корголуучу аймагынын жана курулуп жаткан Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун аймагынын топурак катмарынын экологиялык абалын изилдөө боюнча топурак эксперти ( «ТERA- Бишкек» ЖЧК); Сунуш берүү- окуу борборунун (КУЦ, СКС) окутуу боюнча тренери; USAIDдин «Жер реформасы жана рынокту өнүктүрүү долбоору» – «Кайра бөлүштүү жерлерин жана жеке менчик жер участокторун пайдалануунун экологиялык аспектилери» боюнча консультант; Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги SICA – Ысык-Көл зонасынын генералдык схемасын иштеп чыгуу боюнча топурак таануу боюнча адис.
Илимий изилдөө багыты: топурак изилдөөлөрү, топурак мониторинги.
Илимий эмгектеринин саны: Эл аралык жана республикалык басылмаларда жарыкка чыккан 30 ашык илимий макалалар, практикалык сунуштар. Топурак таануу боюнча окуу куралы.
Окутулуучу сабактар: Топурак таануу; Дыйканчылык; Органикалык
дыйканчылык.
Тажрыйба алуу жана квалификацияны жогорулатуу курстары:«Борбордук Азияда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү» эл аралык конференция-семинар, Ташкент, Самарканд (2017); Энергияны үнөмдөөчү технологиялар боюнча окуу курсу, ФАО- Camp AlaToo, (2016); Фермердик талаа мектептерин (ФТМ) түзүү боюнча окуу курсу, ЦОКИ КБ-FAO (2017); «Токой өрттөрүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» окуу курсу, Анталия, Түркия (2018-жыл).Негизги илимий эмгектери:
Тил билүүсү: кыргыз, орусча- эркин; англис тили которомо (сөздүк) менен.