1938-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун агрономиялык факультети уюлушу менен өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасы да уюштурулган. Кафедранын алгачкы башчысы Ф.Т. Логинов болгон. Кийинки жылдарда ал кафедрага В.Г. Полторацкий, Я.А. Иванов, И.И. Таранов, Н.И. Афанасенко, профессорлор В.Н. Ковалев, А.Г. Тен, Ж.А. Акималиев, Н.И. Ибраимов, доценттер А.Ж. Асаналиев, К.К. Джунусов сыяктуу окумуштуу-педагогдор башчылык кылышкан.
2004-жылы өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасы өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасы болуп кайрадан уюштурулган.
Ар кандай мезгилдерде кафедрада П.Я. Кочетов, Р.Х. Жаилов, А.И. Хрипченко, Ю.С. Патоцкая, Э.Ф. Алпатова, А.В. Загурский, О.Т. Тажибаев, Г.П. Карабаев, Ы.Б. Бөлөкбаев, С.В. Солдатенко, Н.Г. Наумович, А.И. Кунченко сыяктуу мыкты агроном-педагогдор студенттерге сабак беришкен. Кезегинде ишти сыйыштыруу жолу менен Кыргызстан дыйканчылык илим- изилдөө институтунун окумуштуулары айыл чарба илимдеринин доктору, профессор М.К. Джунусова, айыл чарба илимдеринин кандидаттары Г.С. Воробьев, Ю.В. Левченко, Т.Б. Бессонова, К.Н. Осмоналиева, Кыргызстан мал чарба жана тоют илим-изилдөө институтунун кызматкерлери Ш.Т. Токтокожоев, Б. Тентиева ж.б сабак беришкен.
Азыркы кезде кафедрада башчысы болуп айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент К.Ж.Баялиева, окутуучулар айыл чарба илимдеринин доктору, профессордун м.а. А.Ж. Асаналиев, профессордун м.а. айыл чарба илимдеринин кандидаты профессордун м.а. К.Э. Эргешова, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доценттин м.а В.С. Султанбаева, улук окутуучулар: Т.А.Айткулов, Н.Б.Адылбаев,ассистенттер: Сапарбек к Уултай, Д.Ч. Чоробекова иштеп жатышат.
”Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо” кафедрасы чыгаруучу болуп эсептелет.
Азыркы кезде кафедра 610200-Агрономия багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдайт.
Бакалавриат төмөнкү профилдер боюнча даярдалат:
Магистратура төмөнкү профилдер боюнча даярдалат:
Кафедрада илимий-изилдөө жумуштары жылыга бекитилүүчү университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн планына, кафедралардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн пландарына ылайык жүзөгө ашырылат. 2020-2024-жылдарга кафедраларды стратегиялык өнүктүрүү программасы менен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттары аныкталган:
Кафедрада 5 аспирант менен 4 талапкердин жана докторанттардын илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жетекчилери: айыл чарба илимдеринин доктору, профессордун м.а. А.Ж. Асаналиев жана биология илимдеринин кандидаты профессордун м.а. К.К. Джунусов.
Кафедранын кызматкерлери тарабынан акыркы он жылдыктын ичинде эле 200дөн ашуун илимий макалалар жарыяланган, анын ичинде монографиялар, эң маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрдү өндүрүүнүн заманбап методдорунун актуалдуу маселелери боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана куралдар бар.
Кафедранын кызматкерлери төмөнкүдөй эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышууда:
1. Түштүк-Уралдык багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илимий-изилдөө институту -“Уралдык федералдык агрардык илим-изилдөө РИА Урал бөлүм борборунун” ФМБИИ филиалы менен К.И. Скрябин атындагы КУАУнун коллекциялык питомнигинин ортосундагы илимий кызматташтык келишими боюнча Кыргызстандын аймагында пайдаланууга жол берилген селекциялык жетишкендиктердин Реестрине киргизүү үчүн адаптатцияланган сортторду мамлекеттик сыноого өткөрүп берүү максатында Кырызстандын шарттарында Түштүк-Уралдык багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илимий-изилдөө институтуда чыгарылган картошкалары менен гибриддерин сыноо жана баалоо боюнча иштер жүрүзүлүүдө. Алар тарабынан Кыргызстанда райондоштуруу үчүн картошканын келечектүү сортторун бөлүү максатында Челябинскинин селекциясынан сортторду жана гибриддерди сыноо жана баалоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ар бир 8-сорт үлгүдөн 63 даанадан картошка өткөрүлүп берилген (Сорттор: Браслет, Кузовок, Губернатор, Каштак, Ицил, Кавалер, Захар, Агат). 2. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (“ФАО”) жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу тармагында студенттердин билимин жакшыртуу максатында “Өзгөчө коркунучтуу пестициддерге (ӨКП) альтернативдүү айыл чарба технологияларды алга жылдыруу жана билимдерин жогорулатууда техникалык жардам көрсөтүү” долбоорун жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.
Кафедрада бир катар чет элдик уюмдар жана окуу жайлары менен билим берүү жана илимий байланыштарды түзгөн.
Анын ичинде:
Аты-жөнү | Баялиева Күльмира Жумабековна | |
Туулган күнү, жылы | 30.05.1962ж | |
туулган жери | Чуй обл,Кара-Балта ш, Панфилов район, Букара айылы
| |
Жарандыгы | Кыргыз Республикасы | |
Улуту | Кыргыз | |
Кызмат орду жана иштеген жери | К. И. Скрябин атындагы КУАУнун өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын доценти.
| |
Билими | Жогорку, 1986-жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун химия- биологиялык факультетин аяктаган. Биолог-окутуучу | |
Окумуштуулук даражасы |
Айыл чарба илиминин кандидаты | |
Окумуштуулук наамы
| «Биология» кесиби боюнча доцент — | |
Сыйлыктары: | Агрардык академиянын Ардак грамотасы- 1999ж, Жылдын мыкты мугалими -2000ж, Агро өнөр- жай комплекинин профсоюздук комитетинин Ардак грамотасы-2003ж, К.И. Скрябин атындагы КАУнун Ардак грамотасы- 2007ж Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы- 2009ж, Жылдын мыкты лектору– 2012ж, Сыйлык- окутуучулардын ишмердүүлүгүн чыгармачылык менен өркүндөтүүгө кызыктыруу үчүн факультеттин профессордук-окутуучулар курамынан талапкерди тандоо -2021ж.
| |
Жалпы эмгек стажы:
| – 38 жыл | |
Иш тажрыйбасы: |
| |
1990 ж июндан – по 1993 ж сентябрына чейин 1993 ж –2004ж сентябрына чейин 2004 ж сентябрынан 2006 ж сентябрына чейин 2006 ж февралынан – 2011 ж июлуна чейин 2011 ж июлунан Бүгүнкү күнгө чейин |
Кыргыз Агрардык академиясы Биология кафедрасы- Улуу лаборант
Кыргыз Агрардык академиясы Биология кафедрасы- Ассистент
Кыргыз Агрардык университети Биология кафедрасы- Улуу окутуучу Кыргыз Улуттук агрардык университети Биология кафедрасы- кафедра башчысы,доцент
Кыргыз Улуттук агрардык университети Өсүмдүктөрдү өстүрүү жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасы- доцент. | |
Илимий изилдөөлөрү Жарык көргөн эмгектердин саны. | Дан эгиндери – зыянкечтери, илдеттери, отоо чөптөру; 32 | |
|
| |
Окутуучу сабактар.
| 1. Ботаника, 2. Энтомология жана фитопатология, 3. Гербология жана карантиндик отоо чоптор, 4. Өсүмдүктөрдү биологиялык жол менен коргоо.
| |
Стажировка жана жогорулатуу курстары
| 1. «Билим берүү программаларын аккредитациялоо» окуу курсу Тышкы эксперттик комиссия “BILIM-STANDARD” көз карандысыз аккредитация агенттиги, Бишкек, 27-28-февраль, 2020-ж., 2.Карантиндик жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерине, зыянкечтерине жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана министрликтеринин, Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти. Бишкек, 16-18-февраль, 2020-жыл., 3. Айыл чарбасы аркылуу туура тамактануу практикасын бекемдөө USAID, SPRING, К.И.Скрябин атындагы КУАУ Бишкек, 5-6-апрель 2018-ж., 4. ФАО, КР ГАООСЛХ, К.И.Скрябин атындагы КУАУ менен кызматташуунун стратегиялык негиздерин өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү Бишкек, 11-14-ноябрь 2019-жыл. | |
Негизги илимий эмгектер
| Айыл чарбасынын жана айыл чарба осумдукторунун актуалдуу проблемалары.,Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы – «Пахтаны өстүрүүнүн агротехникасы», «Жүзүм өстүрүүнүн агротехникасы» фермерлер үчүн окуу модулу | |
Тил билүүсү: | Кыргыз тили- эне тил, орус тили – эркин, немец тили- сөздүк менен | |
| Адаптациялоо, ишеним, коммуникативдуу,топ менен биргеликте иштөө онлайн репутациясында иш билүү. | |
| ||
Ф.А.А. | Асаналиев Абдыбек Жекшеевич | |
Туулган күнү, айы, жылы | 15.05.1961г. | |
Туулган жери | Өрнөк а. Иссык-Көл району | |
Жарандыгы | Кыргыз Республиксы | |
Улуту | Кыргыз | |
Кызматы жана иш орду | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүк коргоо кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу | |
Билими | жогорку, Кыргыз АЧИ, 1983 г., артыкчылык диплому менен. | |
Илимий даражасы | Айыл чарба илимдеринин доктору | |
Окумуштуу наамы | доцент | |
Сыйлыктары | КРдын айыл чарбасынын мыктысы, КРдын билим брүүсүнүн мыктысы РФдын Табийгый илимдер академисынын Н.И. Вавилов атындагы медалы | |
Жалпы эмгек стажы | 43 жыл | |
Иш тажрыйбасы | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана үрөнчүлүк жаатындагы илимий жана билим берүү боюнча 40 жылдык тажрыйбага ээ. | |
Илимий изилдөө сферасы | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана талаа өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү | |
Басылган илимий эмгектеринин саны | 95 илимий-усулдук эмгектер | |
Окутуучу сабактары | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, Талаа өсүмдүктөрүнүн урук таануусу, Талаа өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүгү, Азык түлүк коопсуздугу жана тамактануу. | |
Стажировкалар жана тажрыйба жогорулатуу курстары | 1995 ж. | Проект анализдөө курстары, Дүйнөлүк Банктын Интитуту, Вашингтон, АКШ. |
1995 ж. | Проект анализдөө боюнча интрукторлорду даярдд курстары, Дүйнөлүк Банктын Интитуту, Ташкент ш., Өзбекистан. | |
1996 ж. | Проект анализдөө боюнча интрукторлорду даярдд курстары. Дүйнөлүк Банктын Интитуту, Вашингтон, АКШ. | |
1998 ж. | Борбордук Азиядагы жана Кавказдагы Арахис, семинар, ICRISAT, CGIAR, Ташкент ш., Өзбекистан. | |
1998 ж. | «Жаратылыш ресурстарын коомчулук менен башкаруу», семинар, Дүйнөлүк Банк, Вашингтон, АКШ. | |
2002 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, Италия, Рим. | |
2003 ж. | Генетикалык ресурстар жана интелектуалдык мүлк укуктарды сактоо – өнгүүнүн түз жолу, үйрөтүүчү семинар, Свалёв-Вейбул, Швеция. | |
2003 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, Непал, Катманду. | |
2005 ж. | “Мал чарбасы, айлана чөйрө жана өнүгүү шайкештиги: Брбордук Азияда, Россиянын Түштүк-Чыгышындагы жана Монголиядагы мал жайуу жана жердин деградациясы”., Бишкек, Кыргызстан.. | |
2005 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, Сербия и Черногория, .Белград ш. | |
2006 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, ЮАР, Кейп Таун ш. | |
2007 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, Филиппины, Манила ш. | |
2010 ж. | Буудай боюнча 8-чи Эл аралык конференция, Санкт-Петербург ш., Россия. | |
| 2010 ж.- азыркы күнгө дээри | WOCATтын Ресурстук адиси. CACLM проекти боюнча. |
| 2011 ж. | “Илим – тынчтык жан коопсуздук үчүн” аттуу НАТО Прграммасынын иш семинары «Борбордук Азиядагы азык түлүк коопсуздугуна жетишүүнүн стратегиясы”, 31 март – 2 апрель, Анталия, Турция. |
| 2017 ж. | Программалык семинардын катышуучусу жана докладчик , Азык түлүк өсүмдүктөр. 26-30 сентябрда 2017 ж. Asian Food and Agricultural Cooperation Initiative уюму тарабынан уюштурулган (AFACI). Джогжиакарта. Индонезия. |
| 2018 ж. | Программалык семинардын катышуучусу жана докладчик, Производство Семян картофеля в 2018 жылдагы Картофелдин үрөнүн өндүрүү. Asian Food and Agricultural Cooperation Initiative (AFACI уюму) жана Вьетнам Илимдер Академиясы тарабынан уюштурулган. Хо Ши Мин, Вьетнам. |
| 2019 ж. | SUN Global Gathering форумунун катышуучусу. 2019. 4-7 Ноябрь 2019. Kатманду, Непал. |
Негизги илимий эмгектери | Attaining Food Security in the Kyrgyz Republic trough the Rational Use of Natural Recourses. In book: Food Policy Reforms in Central Asia. -Washington. -2000., p.147-156 Groundnut (Arachis hypogaea L.) in Kyrgyzstan. In book: Groundnut Production in Central Asia and Caucasus Countries: Outlook for the future. -Andhra Pradesh. -India. -2001., p.15-19 Фенология развития клопа черепашки – особо опасного вредителя зерновых культур. – Известия вузов. – №4.-2011. С.5-6. Food chain of agriculture of Kyrgyzstan – gained experience, learned lessons and development perspectives. In: Alpas H, Smith M, Kulmyrzaev A. (eds). 2012. Strategies for achieving food security in Central Asia. Springer, The Netherlands, Springer. pp 21-30 Introducing host-plant resistance to anthracnoce in Kyrgyz common bean through inoculation-based and marker-aided selection. – Plant Breeding. DOI:10.1111/pbr.12121. Blackwell Verlag GmbH, 2013 Genetic diversity analyses in Phaseolus vilgaris L. using morphological traits. – Genetic Recourses and Crop Evaluation, DOI 10.1007/s10722-013-0056-3. Volume No.7. Springer, 2013 Evaluation of microsatellite-based genetic diversity, protein and mineral content in chickpea accessions grown in Kyrgyzstan. Hereditas. 151: 81-90. 2014. PP.80-90. 2014 Пищевая и семенная цепочки в сельском хозяйстве Кыргызстана и торговля. Доклады Таджикской академии сельскохозяйственных наук. №3.-с.17-26. 2015 Семенной сектор Кыргызстана в условиях членства в ЕАЭС.- Продовольственная безопасность в Евразийском регионе 2017.Сборник тематических исследований.- Евразийский центр продовольственной безопасности. Москва.-с.105-121. Продуктивность сортов арахиса (Arachis hypogaea l.) в Чуйской долине Кыргызской Республики. Успехи современного естествознания. Москва.-№ 2.-с. 43-48.- 2018 Response and resilience of Asian agrifood systems to COVID-19: An assessment across twenty-five countries and four regional farming and food systems.- Agricultural Systems.-193 (2021).-P.1-19. 103168 journal homepage: www.elsevier.com/locate/agsy . | |
Тилдерди билгени | Кыргыз тил – эне тили, орус жана англис тилдерин кызмат деңгээлде билет. | |
Жөндөмдөрү | Windows 95/97/98/2000/NT/Me/XP/Pro/2003 MS Office: MS-Word, MS-Excel, MS-Power Point, Outlook Express, Internet Explorer, Telnet, Far Manager/FTP, Multimedia Systems. ZOOM Platforms. | |
| ||
Аты-жөнү | Эргешова Кызайым |
Туулган жылы | 11ноябрь 1951ж. |
Туулган жери | Кыргыз республикасы, Ош области, Ноокат района, Эски – Ноокат айылы |
Иштеген жери жана ээлеген кызматы
| Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу, окмуштуу агроном, жашылча жана жана жашылча үрөнчүлүгү боюнча специалист. |
Билими | 1968-1973 К.И. Скрябина атындагы Кыргыз айыл чарба институнун, агрономиялык факультети квалификация «Окмуштуу агроном», Аспирантура Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту жана ВНИИСОК. |
Илимий даражасы | Айыл чарба илимдеринин кандидаты (1986), |
Окумуштуулук наамы | Доцент, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу |
Сыйлыктары | 2011ж, Айыл чарба отличниги |
Жалпы эмгек стажы | -54 жыл, анын ичиненаилимий- педогогикалык ишмердүүлүгу – 49жыл. |
Иш тажрыйбасы | 1973 -1990жж. Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту улуу лаборант, кенже жана улуу илимий кызматкер. – 1990ж К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Айыл чарба институнун өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасынын доценти. – 1992 -1996 мөмө- жемиш жана жүзүмчүлүк кафедрасына заведующии. – 1996- 1999ж.ж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасынын доценти. – 1999-2001ж.ж. Фонд сельскохозяйственной консультации и служба развития (ФСКСР), – 2002-2005ж.ж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык унивеситетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасынын жетекчиси. – 2005-2012ж.ж. өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын доценти -2014-2022ж.ж келишим боюнча өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу |
Илимий изилдөө тармактары | Жашылча өстүрүүчүлүк, Жашылча өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүгү, Гүл өстүрүүчүлүк. Күнөскана чарбачылыгы. Өсүмдүктөрдү коргоо. |
Негизги илимий эмгектери | 75 ашуун илимий эмгектер чыккан. Анын ичинен10 методикалык көргөзмө, 2 буклет , 8 окуу куралы, 3 модул жашылча өсүмдүктөрү боюнча. |
Окутулуучу сабактары | Жашылча өстүрүүчүлүк , Гүл өстүрүүчүлүк Күнөскана чарбачылыгы. Өсүмдүктөрдү коргоо, Жашылча өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүгү, Зыянкечтердин, илдетердин өнүгүшүн текшерүү -прогноздоо. Үрөндүн фитоэкспертизасы, камдоодогу зыянкечтер жана илдеттер |
Стажировкалар жана тажрыйба жогорулатуу курстары | К.И.Тимирязев атындагы айыл-чарба академиясы Москва ш., Волгоград ш, Пятигорске ш, Душанбе ш, Алма-Ата ш,Ташкент ш. и Бишкекте өтүлгөн ар түрдүү эл аралык конференцияларда катышып сертификат алынган. |
Негизги илимий эмгектери
| 1. Урожай и качество семян лука сорта Каратальский при подзимних и весенних сроках посадки в условиях Чуйской долины Киргизии. «Тр. НИИОХ» вып. 9, М,1979г., – С- 21-25. 2. Урожайность и качество семян репчатого лука в зависимости от сроков посадки маточников в усл. Чуйской долины Киргизии. Тр. по семеноводству и семеноведению и овощных культур»., ВННИССОК, – М.- 1980, – С- 41-50 3. Биология и семенная продуктивность лука сорта «Ростовский репчатый местный» в зависимости от зоны выращивания. «Тр. по селек. и семен. овощных культур». ВНИИССОК М.1981г., – С- 4-9. 4. Практикум по овощеводству, Учебное пособие для высших с-х уч. заведений. КАУ, Бишкек, 2003г, – С – 1-70 5. Жашылча өстүүрүү ыкмалары, кн. Айылдык кеңеш кызматы, СКС, Бишкек 2010. – С-1-15 6. Бадраңды көчөтт менен өстүүрүү кн. Айылдык кеъеш кызматы, СКС, Бишкек 2011. ЖЧК «Салам», – С-1-24. 7. Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары, томат сидей коомдук бирикмеси, КНАУ им К.И.Скрябин Бишкек 2011 8. Жашылча өстүрүүнүн ыкмалары, бадыраң, сидей коомдук бирикмеси, КНАУ им К.И.Скрябин Бишкек 2011 9. Выращивания листовых зеленных овощных культур в стенных теплицах без обогрева в условиях Чуйской долины. Вестник Кыргызского аграрного университета №1 (23), Бишкек, 2012. – С -20 – 25. 10. Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары. Пияз өстүүрүү, методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С-30 11.Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары. Сабиз өстүүрүү, методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С-20. 12. Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары. Томат – помидор өстүүрүү, – методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С-26 13. Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары. Бадыраъ өстүүрүү, методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С-22 14. Гүл өстүүрүүчүлүк, методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С- 33 15. Жашылча өстүүрүүчүлүк, Методикалык окуу куралы,Бишкек, 2013 -С-22 16. «Жашылчаларды күнөсканада өстүрүү технологиясы» Лабораториялык жана практикалык иштерди жүргүзүү боюнча методикалык окуу куралы. «V.R.SCompany», 2016.- 60., ISBN 978-9967-28-313-8 17. Селекция и семеноводство овощных культур путь к обеспечению продовольственной безопастности страны, Вестник Кыргызского аграрного университета. Роль почвенной науки для устойчивого развития с-хва и экологии” посвященной 90 летию академика А.М.Мамытова № 2(43) 2017 18. Тепличное производство Учебный модул для фермаров 19. Агротехнология возделывания репчатого лука учебный модул для фермеров 20. Агротехника возделывания огурца учебный модул для фермеров 21.Учебный модул Вредители и болезни овощных культур и меры борьбы с ними Агро Лит Проект ФАО ООН Бишкек 2019 22. Old Tomato varieties improved the method of selection in the conditions of organized areas of the chuy valley of Kyrgyzstan. Vestnik of Kyrgyz National Agrarian Univesity named after K.I.Skryabin № 2 (53) 2020 – 48- 53 Bishkek-2020 23. томаттын жергиликтүү жаңы 3 сортунун автору – «Мира» «Салтанат» и Эр- Дархан. 2020- 2022ж.ж бери Кыргыз республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сортордун жана гибртдердин мамлекеттик тизмеси |
Тил билүүсү | Кыргыз тили – эне тили, орусча – тили – эркин, |
Жөндөмдүүлүгү | Microsoft Office (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power point), Internet |
Аты-жөнү | Cултанбаева Виктория Асановна | |
Туулган күнү, жылы | 01.10.1977-ж. | |
Туулган жери – | Ош облусу, Көк-Жаңгак шаары | |
Жарандыгы | Кырыз Республикасы | |
Улуту | Кыргыз | |
Иштеген орду, кызматы | К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономии жана токой чарбасы факультеттинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысы | |
Билими | Жогорку. 1999-ж. Кыргыз улуттук агрардык академиясынын агрономия факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган, ага “Агрохимия жана топурак тануу ” адистиги боюнча (агроном) деген дипломдуу адис квалификациясы ыйгарылган. | |
Окумуштуу даражасы | Жалпы дыйканчылык (өсүмдүк өстүрүүчүлүк) 06.01.01 – адистиги боюнча айыл чарба илимдеринин кандидаты (2011-ж.). | |
Сыйлыктары
| 1. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин Ардак грамотасы (2015-ж.). 2. Азиз жана начар көргөн балдарга атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин Ардак грамотасы (2020-ж.). 3. КРда көчмөндөрдүн оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн КРдын Премьер-Министиринин Ыразычылык каты (2018-ж.) 4. КРда көчмөндөрдүн оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн КРдын билим берүү жана илим Министирлигинин Ыразычылык каты (2018-ж.) | |
Жалпы эмгек стажы | 25 – жыл | |
Иш тажрыйбасы
| 1997 – ж. 10.01 ден 1998 – ж. 19.04 чейин | КР УИАнын биология кыртыш таануу иститутунун биофармакология бөлүмүнүн лаборанты |
1998 -ж. 19.04 ден 2004 – ж. 19.04.чейин | Кыргыз агрардык академиясынын агрономия факультетитнин өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасынын улук лаборанты | |
2004 – ж. 19.04 ден 2013-ж. 09.09 чейин
| К.И. Скрябин атындагы КАУнун инженердик-техникалык факультетинин айыл чарбасынын механизациясы кафедрасынын улук лаборанты | |
2011 – ж. 10.09 дан 2014 – ж. 15.09 чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрардык менежмент магистирдик борборунун сыйыштыруу боюнча окутуучусу | |
2012 – ж. 03.09 дан 2018 – ж. 03.09. чейин | К.И. Скрябин атындагы техника-экономикалык колледжинин айыл чарбасын механизациялыштыруу жана электрлештирүү бөлүмүнун сыйыштыруу боюнча окутуучусу | |
2013 – ж. 03.09 дан 2014 – ж. 15.09 чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрономия факультетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын улук окутуучусу | |
2014 – ж. 15.09 дан 2019 – ж. 10.04 чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрономии жана токой чарбасы факульетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын доцентинин м.а. | |
2019 – ж. 10.04 дан 2020 – ж. 25.02 чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрономии жана токой чарбасы факульетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысынын м.а. | |
2020 – ж. 25.02 дан ушул кезге чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрономии жана токой чарбасы факульетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысы | |
Илимий изилдөө тармагы | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана талаа өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү | |
Жарыяланган эмгектердин саны | 34 илимий эмгек, анын ичинде эл аралык конференциялардагы, чет элдик жана республикалык басылмалардагы окуу-методикалык куралдар жана көрсөтмөлөр | |
Окутулуучу сабактар | Өсүмдүк өстүрүчүлүк, Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн карантиндик зыянкечтери жана илдеттери, Гербология жана карантиндик отоо чөптөр, Үрөндүн фитоэкспертизасы | |
Стажировкалар жана квалификацияларды жогорулатуу курстары
| 2011-ж 05.09 дан 2012-ж 31.05 чейин | TOMER программасы боюнча түрк тилин окуу. Түркия Республикасынын Элчилигинин билим берүү борборунун. G, B. курстары, Бишкек ш. |
2016-ж 20 дан 24- июнуна чейин | Тренинг курстары. Австралиялык Борбор Азиялык изилдөөлөр жана токой илимдери үчүн окуу борборунун жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу тармагындагы чечимдерди кабыл алуунун критерийлери, Бишкек ш. | |
2016-ж 20 дан 24 – сентябрына чейин | “Гидропоника системасын пайдалануу менен картошканын вируссуз уругун өндүрүнү таратуунун технологиясы” семинары. AFACI долбоору боюнча (Азык-түлүк жана айыл чарбалык кызматташтыктын Азиялык демилгеси). Азык түлүк өсүмдүктөрү боюнча семинардык программасы. Камбоджа, Сиам-Рип ш. | |
2017-жылдын 5-6-июнуна чейин | Тренинг курстары. Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүнүн негиздери. Кыргыз Республикасында жашылча өсүмдүктөрүнүн экспортко багытталган үрөөнүн өндүрүнү жылдыруу боюнча JICA Доолбору менен кызматташтыкта фермерлердин практикалык мшыгуусун жакшыртуу боюнча Мамлекеттик системаны ишке ашыруу алкагындагы кыска мөөнөтүү курстар жана коомдоштуктун социальдык – экономикалык туруктуулугун жогорулатуунун улуттук системасын өнүктүрүүгө Көмөктөшүү Долбоору менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык- түлүк Программасы | |
2018- ж. 1-январдан 30-апрелине чейин | Эл аралык окуу тренинги курсу Темасы: Буудайды дат басуусуна байкоо жүргүзүү, Борбордук Азиядагы жана жакынкы Чыгыштагы буудайдын дат басуу илдетин башкаруу жана расаны талдоо”, БУУнун (ФАО),, азык – түлүк жана айыл чарба уюмунун ICARDA долбоору, ал Туркиянын азык түлүк, айыл чарба жана мал чаарба Министирлигинин колдоосу менен Измир шаарындагы региондук дан эгиндерин дат басуусун изилдөө борборунда уюштурулган, Түркия. | |
2018- жылдын 20-21-декабры | Семинардын темасы: “Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жер ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча окуу планын иштеп чыгуу”. Таш МАУ, Өзбекстан Республикасы, Ташкент ш. | |
2019-жылдын 17-31-августу | Борбордук Азияда жана коңшу өлкөлөрдө жогорку түшүмдү пахтаны өстүрүнүн технологияларын үйрөтүү боюнча эларалык курстар. Өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн КЭРдин илим жана техника министирлигинин окутуу курсунун долбоору. Синьцзяндын айыл чарба академиясы. КЭР, Үрүмчү шаары. | |
2019-жылдын 19-20-декабры | “Борбордук Азиянын агрардык ЖОЖдордун окутуучулары үчүн жер ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча курсту окутуунун методикасы” деген эл аралык курстар ICARDA, СОС ЦАК, ЕЦПБ, Ташкент Мамлекеттик агрардык университети, Ташкент ш. Өзбекстан Ресаубликасы. | |
2020-жылдын 16-18-февралы | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн карантини жана илдеттерине зыянкечтерине жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү боюнча тренинг-курстар. КРдын АЧКИМ, өсүмдүктөрдүн карантини Департаменти, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо Департаменти, Бишекек ш. | |
2020 – жылдын 27 – 28-февралы | “Билим берүүчү программаларды аккредитациялоо” Тышкы эксперттик комиссия. “БИЛИМ-СТАНДАРТ” көз карандысыз аккредитациялоочу агенттик Бишкек.ш. | |
2020-жылдын 21-майы | Семинардын темасы: ISO 22000: 2018 Киришүү. CERT Academy Эл аралык тренингдик компания. | |
2021-жылдын 18-22-январы | Тренинг – семинар: “Онлайн окутууда педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу”. КУАУ. Бишкек.ш | |
Негизги илимий эмгектер | Нокоттун сортторунун себүүнүн мөөнөтөрүнө жана ыкмаларына үрөндүн себилүүчү сапатарына таасир этүүсү. ЖОЖдор известиялары. Бишкек, 2008. №10. 61-62-б. | |
Кыргызстанда белок менен камсыздоо маселеси жана агротехникалык ыкмаларга жараша нуттун данындагы белоктун болушу. Илим жана жаңы технологиялар. Бишкек, 2010. №3. 222 -224-б.. | ||
Агротехникалык ыкмаларга жараша нуттун аш болумдуулук курамы. К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Жарчысы. Бишкек, 2014.№2 (31). 142-144-б. | ||
Чүй өрөөнүнүн тоо этегиндеги зонада себүүнүн мөөнөтөрүнө жана схемасына жараша нуттун түшүмдүүлүгү. “Заманбап жаратылыш таанунун жетишкендиктери” журналы, Москва 2017. №3, 46-50-б. | ||
Пахтанын селекциясынын буланын түшүмдүлүгүгүнө жана сапатына тийгизген таасири. К.И. Скрябин атындагы КУАУ Жарчысы. 2018. №2 (47). 46-50-б. | ||
Картошканын Челябинскилик сортторун Кыргызстанда экологиялык – географиялык жактан сыноо. Журнал. 2020. Т. 27. №2. 250-256-б. | ||
Картошканын Челябинскилик сортторун Кыргыз Республикасында эки жылдык сыноолордуун натыйжалары. Багбанчылык менен картошка өстүрүчүлүктүн актууалдуу масалелери” деген жыйнак. Эл аралык 3- дистанциялык илимий практикалык конференциянын эмгектеринин жыйнагы. Түзүүчүлөр Н.Н. Глаз, А.А. Васильев. 2020. 232-240-б. | ||
Долбоорлордо иштөө тажрыйбасы | БУУ (ФАО) Азык тулүк жана айыл чарбалык уюмдары менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосундагы макулдашуунун негизинде (Кыргыз Республикасы Бишкек шаары 2020-жылдын 24- марты) студенттерге азык түлүк коопсуздугу жана тамактануу тармагында билим берүүну жакшыртуу максатында “Өзгөчө коркунучтуу пестициддерге альтернативдүү айыл сарба технологияларды билиүүну жана жылдыруу жана жогорулатуда техникалык жардам” доолбоорун ишке ашыруу боюнча агроном болуп иштедим. | |
Тилдерди билүүсү | Кыргыз тили – эне тил, орус тили – эркин, турк тили – жакшы, англис тили – сүйлөй билүү | |
Жөндөмдүүлүгү | Microsoft Office (Microsoft Word, Microsoft Excel, Microsoft Power point), Internet, ZOOM, Google Classroom, Moodle. | |
Ф.А.А. | Айткулов Таалайбек Орозалиевич | |
Туулган жылы, күнү | 27.04.1963 | |
Туулган жери | Кыргыз Республикасы, Фрунзе шаары | |
Жарандыгы | Кыргыз Республикасы | |
Улуту | Кыргыз | |
Иштеген жери, кызматы | КР СР АЧ жана КИ ӨЖМ караштуу ӨХККД Чүй-Бишкек башкармалыгынын башчысы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин улуу окутуучусу | |
Билими | Жогорку. 1987-ж. К.И.Скрябин атындагы Айыл Чарба институту «Агрономия» факультетинин «аграномия» адистиги боюнча окумуштуу аграном квалификациясы ыйгарылган | |
Илимий даражасы | — | |
Илимий наамы | — | |
Наамдары | — | |
Жалпы иш стажы | 42-жыл | |
Иштеген жери | КР СР АЧ жана КИ ӨЖМ караштуу ӨХККД Чүй-Бишкек башкармалыгынын башчысы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин улуу окутуучусу | |
2023 ж. Азыркы убакка чейин | КР СР АЧ жана КИ ӨЖМ караштуу ӨХККД Чүй-Бишкек башкармалыгынын башчысы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин улуу окутуучусу | |
Илим изилдөө тармагы | – | |
Жарыяланган иштери | – | |
Окуткан сабактар | 1. Ички өсүмдүк карантини 2. Чек арадагы фитосанитардык көзөмөл 3. Зыяндуу нематоддор, кенелер жана кемирүүчүлөр | |
Негизги илимий эмгектер | – | |
Билген тилдери: | кыргызча, орусча | |
|
| |
|
Ф.А.А. | Сапарбек кызы Уултай | |
Туулган жылы, күнү | 16.03.1993
| |
Туулган жери | Чүй облусу, Сокулук району, Саз айылы, Турдубаев к 131 | |
Жарандыгы | Кыргыз Республикасы | |
Улуту | Кыргыз | |
Иштеген жери, кызматы | К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ассистенти | |
Билими | Жогорку. 2016-ж. Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Агрономия жана токой чарба» факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган, ага «Аграномия» адистиги боюнча (агроном) деген дипломдуу адис квалификациясы ыйгарылган
| |
Илимий даражасы | — | |
Илимий наамы | —
| |
Сертификаттар жана өркүндөтүлгөн курстар квалификациялар | 2017 ж | «Жашылча үрөнчүлүктүн негиздери» программасы боюнча квалификациясын жогорулатуу сертификаты Дүйнөлүк азык-түлүк программасы |
2017 ж | 60 000 сомго сертификат « Жаш окумуштууларды гранттык колдоо» Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |
2018 ж | «Айыл чарбасы аркылуу туура тамактануу практикасын бекемдөө» тренингине сертификат USAID, SPRING | |
2023 ж | “Мугалимдердин жаңы компетенциялары: активдүү методдор жана заманбап окутуу тенденциялары” темасындагы эл аралык семинардын сертификаты | |
Жалпы иш стажы | 6-жыл | |
Илим изилдөө тармагы | Өсүмдүктөрдү коргоо | |
Жарыяланган иштери | 4 илимий эмгектин автору | |
Окуткан сабактар | 1. Өсүмдүк өстүрүү 2. Өсүмдүктөрдү коргоо 3. Жашылча өстүрүү 4. Өсүмдүктөрдүн карантини 5. Корголгон кыртышта жашылча өстүрүү 6. Гүл өстүрүү 7. Жеке өсүмдүк өстүрүү 8. Үрөндөрдүн фитоэкспертизасы | |
Билген тилдери: | кыргызча, орусча жана английсче | |
| ||
| ||
|
|
Ф.А.А. | Чоробекова Динара Чоробековна | |
Туулган жылы, күнү | 24.06.1993
| |
Туулган жери | Нарын облусу, Кочкор району | |
Жарандыгы | Кыргыз Республикасы | |
Улуту | Кыргыз | |
Иштеген жери, кызматы | К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ассистенти | |
Билими | Жогорку. 2016-ж. Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Агрономия жана токой чарба» факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган, ага «аграномия» адистиги боюнча (агроном) деген дипломдуу адис квалификациясы ыйгарылган
| |
Илимий даражасы | — | |
Илимий наамы | —
| |
Наамдары | — | |
Жалпы иш стажы | 1–жыл | |
Иштеген жери |
– | |
2023 ж. Азыркы убакка чейин | К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ассистенти | |
Илим изилдөө тармагы | Осумдукторду коргоо | |
Жарыяланган иштери | 1 илимий эмгектин автору | |
Окуткан сабактар | 1.Ботаника 2. Ички өсүмдүк карантини 3. Чек арадагы фитосанитардык көзөмөл 4. Зыяндуу нематоддор, кенелер жана кемирүүчүлөр 5. Токой карантини
| |
Негизги илимий эмгектер | – | |
Билген тилдери: | кыргызча, орусча жана английсче | |