Факультет экономики и менеджмента

Агрономия жана токой чарба факультети

Факультеттин миссиясы:

- республиканын агро-өнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү үчүн агрономия жана токой чарба багытында жогорку квалификациялуу, интеллектуалдык жактан өнүккөн, мезгилдин талабына ылайыкташып талап кылынган адистерди жана илимий кадрларды даярдоо. - университетти республикалык жана эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоонун жалпыга таанылган борбору катары өнүктүрүүгө татыктуу салым кошуу. Факультет төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдоону жүргүзөт: БАКАЛАВР багыты боюнча- Агрономия профили; Агрономия, Бажы кызматындагы фитосанитардык көзөмөл, Күнөскана чарбасы. Агрохимия жана агротопурак таануу багытындагы БАКАЛАВР; Токой чарбасы жана ландшафт курулушу багытындагы БАКАЛАВР, профилдери: Токой иши жана ландшафт курулушу, Токой жана мөмө-жемиш бакчачылыгы (питомник), Корук иши. Багбанчылык багыты боюнча БАКАЛАВР. МАГИСТРАТУРА багыты боюнча – Агрономия. МАГИСТРАТУРА багыты боюнча - Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини. МАГИСТРАТУРА багыты боюнча - Токой чарбасы жана ландшафт курулушу. АСПИРАНТУРА адистиги боюнча: 06.01.04-агрохимия, 06.01.09-өсүмдүк өстүрүүчүлүк, 03.02.13-топурак таануу, 06.02.07-өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини, 06.01.05-селекция жана үрөнчүлүк.

Факультет жөнүндө

Агрономия жана токой чарба факультети (ФАиЛХ) 1938-жылы түзүлгөн, 1996-жылдан баштап токой чарба инженерлерин чыгара баштаган, ошондуктан учурда Агрономия жана токой чарба факультети деп аталат. Факультет республикада кеңири профилдеги агрономдорду, карантин жана фитосанитардык кызматы, багбанчылык, күнөска чарбалары үчүн адистерди жана токой чарба инженерлерин даярдайт. Өткөн мезгилдин ичинде факультет 6,2 миңден ашык агрономдорду жана 350 миңден ашык токой чарба инженерин даярдап чыгарган. Факультетте үч кафедра бар: «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо», «Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык», «Токойчулук жана багбанчылык». Факультетте 26 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 6 илимдин доктору, 1 PhD илимдин доктору жана 9 илимдин кандидаты, факультеттин жалпы илимий даражага ээ көрсөткүчү 63%дан жогору. Агрономия жана токой чарба багытында жогорку квалификациялуу, мезгилдин талабына практикалык жактан ылайыкташып талап кылынган адистерди жана илимий кадрларды даярдоо үчүн факультетте заманбап окуу, лабораториялык жана окуу-өндүрүштүк база уюштурулган. Акыркы жылдары гана Япониянын JICA эл аралык кызматташтык бюросу, КЭР илим жана техника министрлиги (Айыл чарба академиясынын топурак таануу, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо институттары СУАР) менен кызматташуунун алкагында гранттык негизде, Кыргыз-Япон топурак-агрохимиялык лабораториясы (2021-жылы кайра кошумча жабдылган), СD – моделдештирүү лабораториясына ээ болгон, топурактын, суунун жана өсүмдүктөрдүн сапатына изилдөө боюнча Кыргыз-Кытай илимий- изилдөө лабораториясы, Фитосанитардык көзөмөл жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий-изилдөө лабораториясы учурдун талабына жооп берген заманбап жабдуулар жана илимий аспаптар менен жабдылып, ишке киргизилген. Ошондой эле, факультетте өсүмдүктөрдүн физиологиясы жана биохимиясы, топурак таануу, агрохимия жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк боюнча окуу лабораториялары бар. Факультеттин кафедраларында өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүк, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, жашылчачылык, токой чарбасы, токой жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрү боюнча видео жана компьютердик технологиялар менен толук жабдылган адистештирилген окуу аудиториялары бар.