Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасы
Кафедранын тарыхы
1938-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун агрономиялык факультети уюлушу менен өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасы да уюштурулган. Кафедранын алгачкы башчысы Ф.Т. Логинов болгон. Кийинки жылдарда ал кафедрага В.Г. Полторацкий, Я.А. Иванов, И.И. Таранов, Н.И. Афанасенко, профессорлор В.Н. Ковалев, А.Г. Тен, Ж.А. Акималиев, Н.И. Ибраимов, доценттер А.Ж. Асаналиев, К.К. Джунусов сыяктуу окумуштуу-педагогдор башчылык кылышкан.
2004-жылы өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасы өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасы болуп кайрадан уюштурулган.
Ар кандай мезгилдерде кафедрада П.Я. Кочетов, Р.Х. Жаилов, А.И. Хрипченко, Ю.С. Патоцкая, Э.Ф. Алпатова, А.В. Загурский, О.Т. Тажибаев, Г.П. Карабаев, Ы.Б. Бөлөкбаев, С.В. Солдатенко, Н.Г. Наумович, А.И. Кунченко сыяктуу мыкты агроном-педагогдор студенттерге сабак беришкен. Кезегинде ишти сыйыштыруу жолу менен Кыргызстан дыйканчылык илим- изилдөө институтунун окумуштуулары айыл чарба илимдеринин доктору, профессор М.К. Джунусова, айыл чарба илимдеринин кандидаттары Г.С. Воробьев, Ю.В. Левченко, Т.Б. Бессонова, К.Н. Осмоналиева, Кыргызстан мал чарба жана тоют илим-изилдөө институтунун кызматкерлери Ш.Т. Токтокожоев, Б. Тентиева ж.б сабак беришкен.
Азыркы кезде кафедрада башчы болуп айыл чарба илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. В.А. Султанбаева, окутуучулар айыл чарба илимдеринин доктору, профессордун м.а. А.Ж. Асаналиев, биология илимдеринин кандидаты профессордун м.а. К.К. Джунусов профессордун м.а. айыл чарба илимдеринин кандидаты профессордун м.а. К.Э. Эргешова, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент А.В. Загурский, айыл чарба илимдерининкандидаты, доцент К.Ж. Баялиева, улук окутуучулар К.Б. Орынтаева, А.П. Бабаев, А.Т. Алакунов, ассистенттер Н.Б. Адылбаев, улук лаборант Сарымсак кызы Перизат иштеп жатышат.
Программанын багыттары жана профили
”Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо” кафедрасы чыгаруучу болуп эсептелет.
Азыркы кезде кафедра 610200-Агрономия багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдайт.
Бакалавриат төмөнкү профилдер боюнча даярдалат:
- Агрономия.
- Бажы кызматындагы фитосанитардык көзөмөл
Магистратура төмөнкү профилдер боюнча даярдалат:
- Агрономия.
- Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин.
Кафедрада илимий-изилдөө жумуштары жылыга бекитилүүчү университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн планына, кафедралардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн пландарына ылайык жүзөгө ашырылат. 2020-2024-жылдарга кафедраларды стратегиялык өнүктүрүү программасы менен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттары аныкталган:
- Чүй өрөөнүнүн шарттарында жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүн илимий жактан негиздөө. Теманын жетекчиси К. Эргешова, аткаруучу К.Б. Орынтаева.
- Климаттын өзгөрүү шарттарында томат менен калемпирдин келечектүү сортторунун үрөндүк түшүмдүүлүгүн изилдөө (Кафедралар аралык тема). Теманын жетекчиси К.Н. Осмоналиева, аткаруучу В.А. Султанбаева.
- Кыргызстандын аймагында пайдаланууга жол берилген селекциялык жетишкендиктердин Реестрине киргизүү үчүн адаптацияланган сортторду мамлекеттик сыноого өткөрүп берүү максатында Кыргызстандын шарттарында Түштүк-Уралдык багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илимий-изилдөө институтуда чыгарылган картошканын сорттору менен гибриддерин сыноо жана баалоо. Теманын аткаруучулары: А.Ж. Асаналиев, В.А. Султанбаева, айыл чарбалык өсүмдүктөрдү экспертизалоо боюнча Департаменттин директору Т.Ж. Айдаралиев.
Кафедрада 5 аспирант менен 4 талапкердин жана докторанттардын илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жетекчилери: айыл чарба илимдеринин доктору, профессордун м.а. А.Ж. Асаналиев жана биология илимдеринин кандидаты профессордун м.а. К.К. Джунусов.
Кафедранын кызматкерлери тарабынан акыркы он жылдыктын ичинде эле 200дөн ашуун илимий макалалар жарыяланган, анын ичинде монографиялар, эң маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрдү өндүрүүнүн заманбап методдорунун актуалдуу маселелери боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана куралдар бар.
Кафедранын кызматкерлери төмөнкүдөй эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышууда:
1. Түштүк-Уралдык багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илимий-изилдөө институту -“Уралдык федералдык агрардык илим-изилдөө РИА Урал бөлүм борборунун” ФМБИИ филиалы менен К.И. Скрябин атындагы КУАУнун коллекциялык питомнигинин ортосундагы илимий кызматташтык келишими боюнча Кыргызстандын аймагында пайдаланууга жол берилген селекциялык жетишкендиктердин Реестрине киргизүү үчүн адаптатцияланган сортторду мамлекеттик сыноого өткөрүп берүү максатында Кырызстандын шарттарында Түштүк-Уралдык багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илимий-изилдөө институтуда чыгарылган картошкалары менен гибриддерин сыноо жана баалоо боюнча иштер жүрүзүлүүдө. Алар тарабынан Кыргызстанда райондоштуруу үчүн картошканын келечектүү сортторун бөлүү максатында Челябинскинин селекциясынан сортторду жана гибриддерди сыноо жана баалоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ар бир 8-сорт үлгүдөн 63 даанадан картошка өткөрүлүп берилген (Сорттор: Браслет, Кузовок, Губернатор, Каштак, Ицил, Кавалер, Захар, Агат). 2. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (“ФАО”) жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу тармагында студенттердин билимин жакшыртуу максатында “Өзгөчө коркунучтуу пестициддерге (ӨКП) альтернативдүү айыл чарба технологияларды алга жылдыруу жана билимдерин жогорулатууда техникалык жардам көрсөтүү” долбоорун жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.
Кафедрада бир катар чет элдик уюмдар жана окуу жайлары менен билим берүү жана илимий байланыштарды түзгөн.
Анын ичинде:
- Илимий изилдөөлөрдүн Эл аралык борбору (СИММИТ, ИКАРДА);
- Казак улуттук агрардык университети (Алматы, КР);
- Казакстан дыйканчылык жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк илим-изилдөө институту (Алматы, Казакстан Республикасы);
- Циньзянь айыл чарба илимдер Академиясы (СУАР, КЭР);
- Түштүк-Урал багбанчылык жана картошка өстүрүүчүлүк илим-изилдөө институту (Челябинск, Россия);
- Вайенштефан-Триздорф колдонмо илимдер университети (Германия);
- Жаратылыш байлыктары жана жашоо жөнүндө илим университети (BOKU, Австрия);
- Азык-түлүк жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын Азиялык демилгеси (AFACI);
- Ташкент мамлекеттик агрардык университети (Өзбекстан, Ташкент);
- БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО);
- Кенбук улуттук университети жана айыл чарбасы менен жашоо жөнүндө илим Колледжи (Тэгу, Корея Республикасы).
Кафедранын курамы

Султанбаева Виктория Асановна
Заведующая кафедрой растениеводства и защиты растений, к.с.-х. н., и.о. доцента
E-mail: victoria.sultanbaeva@mail.ru
Резюме
Аты-жөнү | Cултанбаева Виктория Асановна | |
Туулган күнү, жылы | 01.10.1977-ж. | |
Туулган жери – | Ош облусу, Көк-Жаңгак шаары | |
Жарандыгы | Кырыз Республикасы | |
Улуту | Кыргыз | |
Иштеген орду, кызматы | К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономии жана токой чарбасы факультеттинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысы | |
Билими | Жогорку. 1999-ж. Кыргыз улуттук агрардык академиясынын агрономия факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган, ага “Агрохимия жана топурак тануу ” адистиги боюнча (агроном) деген дипломдуу адис квалификациясы ыйгарылган. | |
Окумуштуу даражасы | Жалпы дыйканчылык (өсүмдүк өстүрүүчүлүк) 06.01.01 – адистиги боюнча айыл чарба илимдеринин кандидаты (2011-ж.). | |
Сыйлыктары
| 1. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин Ардак грамотасы (2015-ж.). 2. Азиз жана начар көргөн балдарга атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин Ардак грамотасы (2020-ж.). 3. КРда көчмөндөрдүн оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн КРдын Премьер-Министиринин Ыразычылык каты (2018-ж.) 4. КРда көчмөндөрдүн оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн КРдын билим берүү жана илим Министирлигинин Ыразычылык каты (2018-ж.) | |
Жалпы эмгек стажы | 25 – жыл | |
Иш тажрыйбасы
| 1997 – ж. 10.01 ден 1998 – ж. 19.04 чейин | КР УИАнын биология кыртыш таануу иститутунун биофармакология бөлүмүнүн лаборанты |
1998 -ж. 19.04 ден 2004 – ж. 19.04.чейин | Кыргыз агрардык академиясынын агрономия факультетитнин өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасынын улук лаборанты | |
2004 – ж. 19.04 ден 2013-ж. 09.09 чейин
| К.И. Скрябин атындагы КАУнун инженердик-техникалык факультетинин айыл чарбасынын механизациясы кафедрасынын улук лаборанты | |
2011 – ж. 10.09 дан 2014 – ж. 15.09 чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрардык менежмент магистирдик борборунун сыйыштыруу боюнча окутуучусу | |
2012 – ж. 03.09 дан 2018 – ж. 03.09. чейин | К.И. Скрябин атындагы техника-экономикалык колледжинин айыл чарбасын механизациялыштыруу жана электрлештирүү бөлүмүнун сыйыштыруу боюнча окутуучусу | |
2013 – ж. 03.09 дан 2014 – ж. 15.09 чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрономия факультетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын улук окутуучусу | |
2014 – ж. 15.09 дан 2019 – ж. 10.04 чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрономии жана токой чарбасы факульетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын доцентинин м.а. | |
2019 – ж. 10.04 дан 2020 – ж. 25.02 чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрономии жана токой чарбасы факульетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысынын м.а. | |
2020 – ж. 25.02 дан ушул кезге чейин | К.И. Скрябин атындагы КУАУнун агрономии жана токой чарбасы факульетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысы | |
Илимий изилдөө тармагы | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана талаа өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү
| |
Жарыяланган эмгектердин саны | 34 илимий эмгек, анын ичинде эл аралык конференциялардагы, чет элдик жана республикалык басылмалардагы окуу-методикалык куралдар жана көрсөтмөлөр | |
Окутулуучу сабактар | Өсүмдүк өстүрүчүлүк, Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн карантиндик зыянкечтери жана илдеттери, Гербология жана карантиндик отоо чөптөр, Үрөндүн фитоэкспертизасы | |
Стажировкалар жана квалификацияларды жогорулатуу курстары
| 2011-ж 05.09 дан 2012-ж 31.05 чейин | TOMER программасы боюнча түрк тилин окуу. Түркия Республикасынын Элчилигинин билим берүү борборунун. G, B. курстары, Бишкек ш. |
2016-ж 20 дан 24- июнуна чейин | Тренинг курстары. Австралиялык Борбор Азиялык изилдөөлөр жана токой илимдери үчүн окуу борборунун жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу тармагындагы чечимдерди кабыл алуунун критерийлери, Бишкек ш. | |
2016-ж 20 дан 24 – сентябрына чейин | “Гидропоника системасын пайдалануу менен картошканын вируссуз уругун өндүрүнү таратуунун технологиясы” семинары. AFACI долбоору боюнча (Азык-түлүк жана айыл чарбалык кызматташтыктын Азиялык демилгеси). Азык түлүк өсүмдүктөрү боюнча семинардык программасы. Камбоджа, Сиам-Рип ш. | |
2017-жылдын 5-6-июнуна чейин | Тренинг курстары. Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүнүн негиздери. Кыргыз Республикасында жашылча өсүмдүктөрүнүн экспортко багытталган үрөөнүн өндүрүнү жылдыруу боюнча JICA Доолбору менен кызматташтыкта фермерлердин практикалык мшыгуусун жакшыртуу боюнча Мамлекеттик системаны ишке ашыруу алкагындагы кыска мөөнөтүү курстар жана коомдоштуктун социальдык – экономикалык туруктуулугун жогорулатуунун улуттук системасын өнүктүрүүгө Көмөктөшүү Долбоору менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык- түлүк Программасы | |
2018- ж. 1-январдан 30-апрелине чейин | Эл аралык окуу тренинги курсу Темасы: Буудайды дат басуусуна байкоо жүргүзүү, Борбордук Азиядагы жана жакынкы Чыгыштагы буудайдын дат басуу илдетин башкаруу жана расаны талдоо”, БУУнун (ФАО),, азык – түлүк жана айыл чарба уюмунун ICARDA долбоору, ал Туркиянын азык түлүк, айыл чарба жана мал чаарба Министирлигинин колдоосу менен Измир шаарындагы региондук дан эгиндерин дат басуусун изилдөө борборунда уюштурулган, Түркия. | |
2018- жылдын 20-21-декабры | Семинардын темасы: “Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жер ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча окуу планын иштеп чыгуу”. Таш МАУ, Өзбекстан Республикасы, Ташкент ш. | |
2019-жылдын 17-31-августу | Борбордук Азияда жана коңшу өлкөлөрдө жогорку түшүмдү пахтаны өстүрүнүн технологияларын үйрөтүү боюнча эларалык курстар. Өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн КЭРдин илим жана техника министирлигинин окутуу курсунун долбоору. Синьцзяндын айыл чарба академиясы. КЭР, Үрүмчү шаары. | |
2019-жылдын 19-20-декабры | “Борбордук Азиянын агрардык ЖОЖдордун окутуучулары үчүн жер ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча курсту окутуунун методикасы” деген эл аралык курстар ICARDA, СОС ЦАК, ЕЦПБ, Ташкент Мамлекеттик агрардык университети, Ташкент ш. Өзбекстан Ресаубликасы. | |
2020-жылдын 16-18-февралы | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн карантини жана илдеттерине зыянкечтерине жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү боюнча тренинг-курстар. КРдын АЧКИМ, өсүмдүктөрдүн карантини Департаменти, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо Департаменти, Бишекек ш. | |
2020 – жылдын 27 – 28-февралы | “Билим берүүчү программаларды аккредитациялоо” Тышкы эксперттик комиссия. “БИЛИМ-СТАНДАРТ” көз карандысыз аккредитациялоочу агенттик Бишкек.ш. | |
2020-жылдын 21-майы | Семинардын темасы: ISO 22000: 2018 Киришүү. CERT Academy Эл аралык тренингдик компания. | |
2021-жылдын 18-22-январы | Тренинг – семинар: “Онлайн окутууда педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу”. КУАУ. Бишкек.ш | |
Негизги илимий эмгектер | Нокоттун сортторунун себүүнүн мөөнөтөрүнө жана ыкмаларына үрөндүн себилүүчү сапатарына таасир этүүсү. ЖОЖдор известиялары. Бишкек, 2008. №10. 61-62-б. | |
Кыргызстанда белок менен камсыздоо маселеси жана агротехникалык ыкмаларга жараша нуттун данындагы белоктун болушу. Илим жана жаңы технологиялар. Бишкек, 2010. №3. 222 -224-б.. | ||
Агротехникалык ыкмаларга жараша нуттун аш болумдуулук курамы. К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Жарчысы. Бишкек, 2014.№2 (31). 142-144-б. | ||
Чүй өрөөнүнүн тоо этегиндеги зонада себүүнүн мөөнөтөрүнө жана схемасына жараша нуттун түшүмдүүлүгү. “Заманбап жаратылыш таанунун жетишкендиктери” журналы, Москва 2017. №3, 46-50-б. | ||
Пахтанын селекциясынын буланын түшүмдүлүгүгүнө жана сапатына тийгизген таасири. К.И. Скрябин атындагы КУАУ Жарчысы. 2018. №2 (47). 46-50-б. | ||
Картошканын Челябинскилик сортторун Кыргызстанда экологиялык – географиялык жактан сыноо. Журнал. 2020. Т. 27. №2. 250-256-б. | ||
Картошканын Челябинскилик сортторун Кыргыз Республикасында эки жылдык сыноолордуун натыйжалары. Багбанчылык менен картошка өстүрүчүлүктүн актууалдуу масалелери” деген жыйнак. Эл аралык 3- дистанциялык илимий практикалык конференциянын эмгектеринин жыйнагы. Түзүүчүлөр Н.Н. Глаз, А.А. Васильев. 2020. 232-240-б. | ||
Долбоорлордо иштөө тажрыйбасы | БУУ (ФАО) Азык тулүк жана айыл чарбалык уюмдары менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосундагы макулдашуунун негизинде (Кыргыз Республикасы Бишкек шаары 2020-жылдын 24- марты) студенттерге азык түлүк коопсуздугу жана тамактануу тармагында билим берүүну жакшыртуу максатында “Өзгөчө коркунучтуу пестициддерге альтернативдүү айыл сарба технологияларды билиүүну жана жылдыруу жана жогорулатуда техникалык жардам” доолбоорун ишке ашыруу боюнча агроном болуп иштедим. | |
Тилдерди билүүсү | Кыргыз тили – эне тил, орус тили – эркин, турк тили – жакшы, англис тили – сүйлөй билүү | |
Жөндөмдүүлүгү | Microsoft Office (Microsoft Word, Microsoft Excel, Microsoft Power point), Internet, ZOOM, Google Classroom, Moodle. | |
Байланышуу дареги | 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Медеров көчөсү 68 Уюлдук телефон: +996557601820. E-mail: victoria.sultanbaeva@mail.ru |
Асаналиев Абдыбек Жекшеевич
E-mail: asanaly61@mail.ru
Резюме
Ф.А.А. | Асаналиев Абдыбек Жекшеевич | |
Туулган күнү, айы, жылы |
15.05.1961г. | |
Туулган жери | Өрнөк а. Иссык-Көл району | |
Жарандыгы | Кыргыз Республиксы | |
Улуту | Кыргыз | |
Кызматы жана иш орду | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүк коргоо кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу | |
Билими | жогорку, Кыргыз АЧИ, 1983 г., артыкчылык диплому менен. | |
Илимий даражасы | Айыл чарба илимдеринин доктору | |
Окумуштуу наамы | доцент | |
Сыйлыктары | КРдын айыл чарбасынын мыктысы, КРдын билим брүүсүнүн мыктысы РФдын Табийгый илимдер академисынын Н.И. Вавилов атындагы медалы | |
Жалпы эмгек стажы | 43 жыл | |
Иш тажрыйбасы | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана үрөнчүлүк жаатындагы илимий жана билим берүү боюнча 40 жылдык тажрыйбага ээ. | |
Илимий изилдөө сферасы | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана талаа өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү | |
Басылган илимий эмгектеринин саны | 95 илимий-усулдук эмгектер | |
Окутуучу сабактары | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, Талаа өсүмдүктөрүнүн урук таануусу, Талаа өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүгү, Азык түлүк коопсуздугу жана тамактануу. | |
Стажировкалар жана тажрыйба жогорулатуу курстары | 1995 ж. | Проект анализдөө курстары, Дүйнөлүк Банктын Интитуту, Вашингтон, АКШ. |
1995 ж. | Проект анализдөө боюнча интрукторлорду даярдд курстары, Дүйнөлүк Банктын Интитуту, Ташкент ш., Өзбекистан. | |
1996 ж. | Проект анализдөө боюнча интрукторлорду даярдд курстары. Дүйнөлүк Банктын Интитуту, Вашингтон, АКШ. | |
1998 ж. | Борбордук Азиядагы жана Кавказдагы Арахис, семинар, ICRISAT, CGIAR, Ташкент ш., Өзбекистан. | |
1998 ж. | «Жаратылыш ресурстарын коомчулук менен башкаруу», семинар, Дүйнөлүк Банк, Вашингтон, АКШ. | |
2002 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, Италия, Рим. | |
2003 ж. | Генетикалык ресурстар жана интелектуалдык мүлк укуктарды сактоо – өнгүүнүн түз жолу, үйрөтүүчү семинар, Свалёв-Вейбул, Швеция. | |
2003 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, Непал, Катманду. | |
2005 ж. | “Мал чарбасы, айлана чөйрө жана өнүгүү шайкештиги: Брбордук Азияда, Россиянын Түштүк-Чыгышындагы жана Монголиядагы мал жайуу жана жердин деградациясы”., Бишкек, Кыргызстан.. | |
2005 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, Сербия и Черногория, .Белград ш. | |
2006 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, ЮАР, Кейп Таун ш. | |
2007 ж. | Координациялык жыйналыш жана семинар, WOCAT, Филиппины, Манила ш. | |
2010 ж. | Буудай боюнча 8-чи Эл аралык конференция, Санкт-Петербург ш., Россия. | |
| 2010 ж.- азыркы күнгө дээри |
WOCATтын Ресурстук адиси. CACLM проекти боюнча. |
| 2011 ж. | “Илим – тынчтык жан коопсуздук үчүн” аттуу НАТО Прграммасынын иш семинары «Борбордук Азиядагы азык түлүк коопсуздугуна жетишүүнүн стратегиясы”, 31 март – 2 апрель, Анталия, Турция. |
| 2017 ж. | Программалык семинардын катышуучусу жана докладчик , Азык түлүк өсүмдүктөр. 26-30 сентябрда 2017 ж. Asian Food and Agricultural Cooperation Initiative уюму тарабынан уюштурулган (AFACI). Джогжиакарта. Индонезия. |
| 2018 ж. | Программалык семинардын катышуучусу жана докладчик, Производство Семян картофеля в 2018 жылдагы Картофелдин үрөнүн өндүрүү. Asian Food and Agricultural Cooperation Initiative (AFACI уюму) жана Вьетнам Илимдер Академиясы тарабынан уюштурулган. Хо Ши Мин, Вьетнам. |
| 2019 ж. | SUN Global Gathering форумунун катышуучусу. 2019. 4-7 Ноябрь 2019. Kатманду, Непал. |
Негизги илимий эмгектери | Attaining Food Security in the Kyrgyz Republic trough the Rational Use of Natural Recourses. In book: Food Policy Reforms in Central Asia. -Washington. -2000., p.147-156 Groundnut (Arachis hypogaea L.) in Kyrgyzstan. In book: Groundnut Production in Central Asia and Caucasus Countries: Outlook for the future. -Andhra Pradesh. -India. -2001., p.15-19 Фенология развития клопа черепашки – особо опасного вредителя зерновых культур. – Известия вузов. – №4.-2011. С.5-6. Food chain of agriculture of Kyrgyzstan – gained experience, learned lessons and development perspectives. In: Alpas H, Smith M, Kulmyrzaev A. (eds). 2012. Strategies for achieving food security in Central Asia. Springer, The Netherlands, Springer. pp 21-30 Introducing host-plant resistance to anthracnoce in Kyrgyz common bean through inoculation-based and marker-aided selection. – Plant Breeding. DOI:10.1111/pbr.12121. Blackwell Verlag GmbH, 2013 Genetic diversity analyses in Phaseolus vilgaris L. using morphological traits. – Genetic Recourses and Crop Evaluation, DOI 10.1007/s10722-013-0056-3. Volume No.7. Springer, 2013 Evaluation of microsatellite-based genetic diversity, protein and mineral content in chickpea accessions grown in Kyrgyzstan. Hereditas. 151: 81-90. 2014. PP.80-90. 2014 Пищевая и семенная цепочки в сельском хозяйстве Кыргызстана и торговля. Доклады Таджикской академии сельскохозяйственных наук. №3.-с.17-26. 2015 Семенной сектор Кыргызстана в условиях членства в ЕАЭС.- Продовольственная безопасность в Евразийском регионе 2017.Сборник тематических исследований.- Евразийский центр продовольственной безопасности. Москва.-с.105-121. Продуктивность сортов арахиса (Arachis hypogaea l.) в Чуйской долине Кыргызской Республики. Успехи современного естествознания. Москва.-№ 2.-с. 43-48.- 2018 Response and resilience of Asian agrifood systems to COVID-19: An assessment across twenty-five countries and four regional farming and food systems.- Agricultural Systems.-193 (2021).-P.1-19. 103168 journal homepage: www.elsevier.com/locate/agsy . | |
Тилдерди билгени | Кыргыз тил – эне тили, орус жана англис тилдерин кызмат деңгээлде билет. | |
Жөндөмдөрү | Windows 95/97/98/2000/NT/Me/XP/Pro/2003 MS Office: MS-Word, MS-Excel, MS-Power Point, Outlook Express, Internet Explorer, Telnet, Far Manager/FTP, Multimedia Systems. ZOOM Platforms. | |
Байланыш адреси | + 996 772 201 732; +669 555 201 732; | |
Эл.почта |
Джунусов Кубат Кушубакович
E-mail: dzh-kubat@yandex.ru
Резюме
Аты-жөнү | Джунусов Кубат Кушубакович | ||
Туулган жылы | 2 декабрь 1950 жыл. | ||
Туулган жери | Талас шаары, Кыргыз Республикасы | ||
Иштеген жери жана ээлеген кызматы
| К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономия факультетинин, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдуктөрдү коргоо кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусу. | ||
Билими | Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультети. Адистиги – биолог.(1973 ж.); Бүткүл союздук өсүмдүктөрдү коргоо боюнча илимий-изилдөө институтунун күндүзгү аспирантурасы. Ленинград, Россия.
| ||
Илимий даражасы | Биология илимдеринин кандидаты (1985 ж.), Ленинград, Россия. | ||
Окумуштуулук наамы | Ага илимий кызматкер (1989 ж.), Ленинград, Россия. Доцент (2005), Бишкек, Кыргызстан.
| ||
Сыйлыктары | Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтутунун Ардак Грамотасы (1988 ж.); Кыргыз агрардык академиясынын Ардак Грамотасы (2000 ж.); Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрардык университетинин Ардак Грамотасы (2010 ж.); Тил боюнча Мамлекеттик комиссиясынын Ардак Грамотасы (2010 ж.); Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин Ардак Грамотасы (2012 ж.); “Айыл чарба отличниги” наамындагы төш белгиси (2014 ж.); | ||
Жалпы эмгек стажы | 48 жыл | ||
Иш тажрыйбасы | 1973-1975 | Кыргыз Респуликасынын Улуттук илимдер академиясы, Биология институту, энтомология лабораториясынын ага лаборанты. Бишкек, Кыргызстан | |
1975-1976 | Кыргыз дыканчылык илимий-изилдөө институту, энтомология бөлүмү, кичи илимий кызматкери. Бишкек, Кыргызстан | ||
1979-1981 | Кыргыз илимий-өндүрүштүк дыканчылык бирикмесинин Ысык-Көл тажрыйба-селекциялык станциясы, өсумдүктөрду коргоо лабораториясынын башчысы. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айылы. | ||
1981-1989 | Кыргыз дыканчылык илимий-изилдөө институту, ага илимий кызматкер, өсумдүктөрду коргоо бөлүмунүн башчысы. Бишкек, Кыргызстан | ||
1989-2006 | Кыргыз агрардык академиясы, доцент, өсумдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрду коргоо кафедрасынын башчысы. Бишкек, Кыргызстан | ||
2006-2019 | Кыргыз улуттук агрардык университети, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрду коргоо кафедрасынын башчысы. Бишкек, Кыргызстан | ||
2020 – ушул күнгө чейин | Кыргыз улуттук агрардык университети, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрду коргоо кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу. Бишкек, Кыргызстан
| ||
Илимий изилдөө тармактары | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, өсүмдүктөрду коргоо, өсүмдүктөр карантини, агроэкология | ||
Негизги илимий эмгектери | Бардыгы болуп өсүмдүк өстүрүүчүлүк, өсүмдүктөрду коргоо, өсүмдүктөр карантини, агроэкология маселелри боюнча 150-дөн ашык илимий иштер басылып чыккан, а.и. 1 монография, 3 окуу куралы, 6 методикалык сунуштар, 8 методикалык көргөзмөлөр, 1 тилдеги (кыргызча-орусча-өзбекче-латынча-англисче) өсүмдүктөрду коргоо боюнча терминологиялык сөздүк. | ||
Окутулуучу сабактары | Бакалавриат боюнча: Энтомология, Фитопатология, Өсүмдүктөрду коргоо, Өсүмдүктөрдүн карантини, Чек арадагы фитосанитардык көзөмөлдөө, Карантинге алынган продукцияны кароо экспертизалоо, Фитоанитардык чаралар боюнча Эл аралык стандарттар. Магистратура боюнча: Илимий агрономиянын тарыхы жана методологиясы, Агрономиядагы инновациялык технологиялар, Айыл чарба өсүмдүктөрдүн мите нематодалары, Карантинге алынган продукцияны зыянсыздандыруу ыкмалары. | ||
Стажировкалар жана тажрыйба жогорулатуу курстары
| 1983 | Москвалык айыл чарба академиясы, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча стажировка. Москва, Россия. | |
1985 | Бүткүл союздук өсүмдүктөрдү коргоо боюнча илимий-изилдөө институту (ВИЗР), өсүмдүктөрдүн иммунитети боюнча стажировка. Ленинград, Россия. | ||
1989 | Бүткүл союздук /Украиналык/ кант кызылчасы боюнча илимий-изилдөө институту /ВНИСС/, кант кызылчасын илдеттерден коргоо боюнча стажировка. Киев, Украина. | ||
2003 | Эл аралык шор тузду жерлерди биологиялык ыкмалар менен мелиорациялоо боюнча борбору /ИКБА/, Эл аралык Кургак региондордо айыл чарба өсүмдүктөрүн изилдөө боюнча Эл аралык борбору /ИКАРДА/, биологиялык ыкмалар менен туздуу топурак жерлерди мелиорациялоо Боюнча тренинг-курстар. Ташкент, Узбекистан. | ||
2006 | АКШ нын Небраска штатынын Университети. Айыл чарба өсүмүктөрдүн биологиялык коопсуздугу боюнча стажировка. АКШ, Небраска штаты, Линкольн шаары. | ||
2017 | ААОПОтун “Профессионалдык билим берүү мекемелердин программаларына көз карандысыз аккредитация жүргүзүү” боюнча тренинг-семинар (регистрациялык № СТ-010413, 28.10.2017ж.).
| ||
Негизги илимий эмгектери
| Методические указания по обследованию полей люцерны на зараженность люцерновой цистообразующей нематодой. Труды Всесоюзного НИИ защиты растений (ВИЗР). – Л., 1980. | ||
Система защиты сельскохозяйственных культур от вредителей, болезней и сорняков. В книге: Научно обоснованная система земледелия Иссык-Кульской области Кыргызской ССР. – Фрунзе, 1984. | |||
Люцерновая нематода – Heterodera medicaginis Kirjanova, 1971 в степной зоне Северного Кавказа и биологическое обоснование методов борьбы с ней. Автореферат диссертации на соискание ученой степени кандидата биологических наук. – Ленинград – Пушкин, 1985. | |||
Монография: Защита растений от паразитических нематод. – Бишкек, 2005; | |||
Терминологический словарь по защите растении (на кыргызском языке). Бишкек, 2008 (Кыргызский аграрный университет, Ташкентский государственный аграрный университет, ИКАРДА-Мичиган (США). – Бишкек, 2008. | |||
Основы возделывания и защиты картофеля в условиях Кыргызстана (на кырг. языке). Учебное пособие. Бишкек, 2010. | |||
Выращивание и защита плодовых культур в горных условиях Кыргызстана (на кыргызском языке). Учебное пособие. Бишкек, 2011. | |||
Долбоорлордо иштөө тажрыйбасы | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча жалпысынан 9 илимий-изилдөө иштин жетекчиси жана аткаруучусу болдум (1975-2018 жж.) Азыркы учурда “Бишкек шаарынын климаттык жана техногендик шартында эмен дарактарынын биологиялык коопсуздугу” атындагы долбоор иштелип чыгууда. Бул долбоор Германиянын Федералдык тышкы иштер министрлигинин климат боюнча фондусу аркылуу каржыланат (Берлин, 2022).
| ||
Тил билүүсү | Кыргызча, орусча – эркин, немец, англис тили – ортоңку денгээлде.
| ||
Навыки | Microsoft Office (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power point), Internet | ||
Контактный адрес | 720005, Кыргызская Республика г. Бишкек, ул. Медерова 68 Мобильный телефон: +996553735304. E-mail: dzh-kubat@yandex.ru |
Эргешова Кызайым Эргешовна
E-mail: kyzaiym.ergeshova@yandex.com
Резюме
Аты-жөнү | Эргешова Кызайым |
Туулган жылы | 11ноябрь 1951ж. |
Туулган жери | Кыргыз республикасы, Ош области, Ноокат района, Эски – Ноокат айылы |
Иштеген жери жана ээлеген кызматы
| Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу, окмуштуу агроном, жашылча жана жана жашылча үрөнчүлүгү боюнча специалист. |
Билими | 1968-1973 К.И. Скрябина атындагы Кыргыз айыл чарба институнун, агрономиялык факультети квалификация «Окмуштуу агроном», Аспирантура Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту жана ВНИИСОК. |
Илимий даражасы | Айыл чарба илимдеринин кандидаты (1986), |
Окумуштуулук наамы | Доцент, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу |
Сыйлыктары | 2011ж, Айыл чарба отличниги |
Жалпы эмгек стажы | -54 жыл, анын ичиненаилимий- педогогикалык ишмердүүлүгу – 49жыл. |
Иш тажрыйбасы | 1973 -1990жж. Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту улуу лаборант, кенже жана улуу илимий кызматкер. – 1990ж К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Айыл чарба институнун өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасынын доценти. – 1992 -1996 мөмө- жемиш жана жүзүмчүлүк кафедрасына заведующии. – 1996- 1999ж.ж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасынын доценти. – 1999-2001ж.ж. Фонд сельскохозяйственной консультации и служба развития (ФСКСР), – 2002-2005ж.ж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык унивеситетинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк кафедрасынын жетекчиси. – 2005-2012ж.ж. өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын доценти -2014-2022ж.ж келишим боюнча өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу |
Илимий изилдөө тармактары | Жашылча өстүрүүчүлүк, Жашылча өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүгү, Гүл өстүрүүчүлүк. Күнөскана чарбачылыгы. Өсүмдүктөрдү коргоо. |
Негизги илимий эмгектери | 75 ашуун илимий эмгектер чыккан. Анын ичинен10 методикалык көргөзмө, 2 буклет , 8 окуу куралы, 3 модул жашылча өсүмдүктөрү боюнча.
|
Окутулуучу сабактары | Жашылча өстүрүүчүлүк , Гүл өстүрүүчүлүк Күнөскана чарбачылыгы. Өсүмдүктөрдү коргоо, Жашылча өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүгү, Зыянкечтердин, илдетердин өнүгүшүн текшерүү -прогноздоо. Үрөндүн фитоэкспертизасы, камдоодогу зыянкечтер жана илдеттер
|
Стажировкалар жана тажрыйба жогорулатуу курстары | К.И.Тимирязев атындагы айыл-чарба академиясы Москва ш., Волгоград ш, Пятигорске ш, Душанбе ш, Алма-Ата ш,Ташкент ш. и Бишкекте өтүлгөн ар түрдүү эл аралык конференцияларда катышып сертификат алынган. |
Негизги илимий эмгектери
| 1. Урожай и качество семян лука сорта Каратальский при подзимних и весенних сроках посадки в условиях Чуйской долины Киргизии. «Тр. НИИОХ» вып. 9, М,1979г., – С- 21-25. 2. Урожайность и качество семян репчатого лука в зависимости от сроков посадки маточников в усл. Чуйской долины Киргизии. Тр. по семеноводству и семеноведению и овощных культур»., ВННИССОК, – М.- 1980, – С- 41-50 3. Биология и семенная продуктивность лука сорта «Ростовский репчатый местный» в зависимости от зоны выращивания. «Тр. по селек. и семен. овощных культур». ВНИИССОК М.1981г., – С- 4-9. 4. Практикум по овощеводству, Учебное пособие для высших с-х уч. заведений. КАУ, Бишкек, 2003г, – С – 1-70 5. Жашылча өстүүрүү ыкмалары, кн. Айылдык кеңеш кызматы, СКС, Бишкек 2010. – С-1-15 6. Бадраңды көчөтт менен өстүүрүү кн. Айылдык кеъеш кызматы, СКС, Бишкек 2011. ЖЧК «Салам», – С-1-24. 7. Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары, томат сидей коомдук бирикмеси, КНАУ им К.И.Скрябин Бишкек 2011 8. Жашылча өстүрүүнүн ыкмалары, бадыраң, сидей коомдук бирикмеси, КНАУ им К.И.Скрябин Бишкек 2011 9. Выращивания листовых зеленных овощных культур в стенных теплицах без обогрева в условиях Чуйской долины. Вестник Кыргызского аграрного университета №1 (23), Бишкек, 2012. – С -20 – 25. 10. Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары. Пияз өстүүрүү, методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С-30 11.Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары. Сабиз өстүүрүү, методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С-20. 12. Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары. Томат – помидор өстүүрүү, – методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С-26 13. Жашылча өстүүрүүнүн ыкмалары. Бадыраъ өстүүрүү, методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С-22 14. Гүл өстүүрүүчүлүк, методикалык окуу куралы, Бишкек, 2013 –С- 33 15. Жашылча өстүүрүүчүлүк, Методикалык окуу куралы,Бишкек, 2013 -С-22 16. «Жашылчаларды күнөсканада өстүрүү технологиясы» Лабораториялык жана практикалык иштерди жүргүзүү боюнча методикалык окуу куралы. «V.R.SCompany», 2016.- 60., ISBN 978-9967-28-313-8 17. Селекция и семеноводство овощных культур путь к обеспечению продовольственной безопастности страны, Вестник Кыргызского аграрного университета. Роль почвенной науки для устойчивого развития с-хва и экологии” посвященной 90 летию академика А.М.Мамытова № 2(43) 2017 18. Тепличное производство Учебный модул для фермаров 19. Агротехнология возделывания репчатого лука учебный модул для фермеров 20. Агротехника возделывания огурца учебный модул для фермеров 21.Учебный модул Вредители и болезни овощных культур и меры борьбы с ними Агро Лит Проект ФАО ООН Бишкек 2019 22. Old Tomato varieties improved the method of selection in the conditions of organized areas of the chuy valley of Kyrgyzstan. Vestnik of Kyrgyz National Agrarian Univesity named after K.I.Skryabin № 2 (53) 2020 – 48- 53 Bishkek-2020 23. томаттын жергиликтүү жаңы 3 сортунун автору – «Мира» «Салтанат» и Эр- Дархан. 2020- 2022ж.ж бери Кыргыз республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сортордун жана гибртдердин мамлекеттик тизмеси
|
Тил билүүсү | Кыргыз тили – эне тили, орусча – тили – эркин, |
Жөндөмдүүлүгү | Microsoft Office (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power point), Internet |
Контактный адрес
Эл.почтасы | Жал айылы Сокулук району Чуй областы +996 0312 540435, 0702 20 68 24, 0777206 824 кyzaiym.ergeshova @ yandex. соm |
Загурский Алексей Васильевич
E-mail: azagursky@mail.ru
Резюме
Ф.А.А. | Загурский Алексей Васильевич | |||
Туулган күнү, жылы
| 1939-жылдын 18-марты
| |||
Туулган жери
| Томск облусу, Чаинский району, Сборное айылы
| |||
Жарандыгы
| Кыргыз Республикасы |
| ||
Улуту | орус |
| ||
Кызматы жана иштеген жери
| Өсүмдүктөрдүн биотехнологиясы лабораториясынын башчысы |
| ||
Билими
| Жогорку
| Кыргыз улуттук университети
|
| |
|
|
| ||
Илимий даражасы | айыл чарба илимдеринин кандидаты |
| ||
Илимий наамы
| Доцент |
| ||
Сыйлыктар | Айыл, суу чарба министрлигинин Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү өнөр жайы. 2003 | |||
Жалпы иш стажы | 65 жыл |
| ||
Эмгек стажы
| 1980-1996 ж.. | КШИ алардын заводдук онор жай кафедрасынын доценти. К.И.Скрябин. |
| |
1996-1998 ж. | Кыргыз агрардык академиясынын башкы илимий катчысы. |
| ||
1998-2004 ж. | КАУнун айыл чарба жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысы |
| ||
2004-2022 ж. | КУАУнун өсүмдүктөр биотехнологиясы лабораториясынын башчысы . |
| ||
Илимий Изилдөө
| Айыл чарба өсүмдүктөрүн илдеттерден коргоо (кант кызылчасынын тамырларынын чириги, картошканын вируссуз үрөнүн өндүрүү)
|
| ||
Жарыяланган эмгектеринин саны |
| |||
| ||||
41 |
| |||
Окууга мүмкүн болгон дисциплиналар
| 1. | Өсүмдүк биотехнологиясы
| ||
2. | Биогаз технологиясы
|
| ||
3. | Шириндүү тоюттарды сактоо биотехнологиясы
|
| ||
4. | Энтомология жана фитопатология
| |||
Практика жана жогорку курстар квалификациялар
| 1. | 1979-жыл, К.И.Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясынын квалификациясын жогорулатуу курстары.
|
| |
2. | 1989 К.И.Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясынын алдындагы квалификацияны жогорулатуу курстары.
|
| ||
3. | Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн пайдаланылбаган органикалык ресурстарды тартуу аркылуу туруктуу айыл чарбасы, Япония 2013-ж.
|
| ||
Негизги илимий эмгектери
| Чүй өрөөнүндө кант кызылчасынын тамыр чиригинин өнүгүшунүн өзгөчөлүктөрү. Киев, ВНИС, 1975
|
| ||
Кант кызылчасынын тамыр чиригинин козгогучтарынын патоген-дуулугуне экологиялык шарттардын таасири. Ленинград, Микология жана фитопатология, 12-том, № 12, 1978-ж.
|
| |||
Кант кызылчасынын тамыры чиригин козгогучтарга топурактын жана өсүмдүктөрдүн метаболиттеринин фунгистатикалык таасири. Киев, Труда ВНИС, 1990-ж.
| ||||
Zagursky A.V. Infenence of environmental conditions on growth, development, and pathogenic properties of Fusarium oxysporum Sehlecht. 6 th European Fusarium, Berlin, 2000. | ||||
Буудай уруктарынын өнүп чыгышына сапатсыз күрөң көмүрдүн биоконверсия продуктуларынын таасири, Бишкек, 2003-ж.
| ||||
Фузариозго туруктуу картошканын сортторун түзүүнүн биотехнологиялык ыкмасы. КАУнун жарчысы №1 (12). Бишкек, 2009.
| ||||
Кыргызстандын тоолорунда картошка остуруудо органикалык жер семирткичтердин эффективдуулугу. Кыргыз-Славян университетинин жарчысы.No5, 2016-ж.
| ||||
Картошканын үрөнүн өндүрүүдө микротуберлер. .Бишкек, 2017-жыл
| ||||
Тилдерди билүү:
| Сөздүк менен немис тили
|
| ||
|
| |||
Көндүмдөр:
| Биотехнология жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
|
| ||
Байланыш дареги
| Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Федоров көчөсү, 75
|
| ||
Электрондук почта
| azagursky@mail/ru |
|
Баялиева Кульмира Жумабековна
E-mail: bayalieva1962@mail.ru
Резюме
Аты-жөнү | Баялиева Күльмира Жумабековна | |
Туулган күнү, жылы | 30.05.1962ж | |
туулган жери | Чуй обл,Кара-Балта ш, Панфилов район, Букара айылы
| |
Жарандыгы | Кыргыз Республикасы | |
Улуту | Кыргыз | |
Кызмат орду жана иштеген жери | К. И. Скрябин атындагы КУАУнун өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын доценти.
| |
Билими | Жогорку, 1986-жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун химия- биологиялык факультетин аяктаган. Биолог-окутуучу | |
Окумуштуулук даражасы |
Айыл чарба илиминин кандидаты | |
Окумуштуулук наамы
| «Биология» кесиби боюнча доцент — | |
Сыйлыктары: | Агрардык академиянын Ардак грамотасы- 1999ж, Жылдын мыкты мугалими -2000ж, Агро өнөр- жай комплекинин профсоюздук комитетинин Ардак грамотасы-2003ж, К.И. Скрябин атындагы КАУнун Ардак грамотасы- 2007ж Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы- 2009ж, Жылдын мыкты лектору– 2012ж, Сыйлык- окутуучулардын ишмердүүлүгүн чыгармачылык менен өркүндөтүүгө кызыктыруу үчүн факультеттин профессордук-окутуучулар курамынан талапкерди тандоо -2021ж.
| |
Жалпы эмгек стажы:
| – 38 жыл | |
Иш тажрыйбасы: |
|
|
1990 ж июндан – по 1993 ж сентябрына чейин 1993 ж –2004ж сентябрына чейин 2004 ж сентябрынан 2006 ж сентябрына чейин 2006 ж февралынан – 2011 ж июлуна чейин 2011 ж июлунан Бүгүнкү күнгө чейин
|
Кыргыз Агрардык академиясы Биология кафедрасы- Улуу лаборант
Кыргыз Агрардык академиясы Биология кафедрасы- Ассистент
Кыргыз Агрардык университети Биология кафедрасы- Улуу окутуучу Кыргыз Улуттук агрардык университети Биология кафедрасы- кафедра башчысы,доцент
Кыргыз Улуттук агрардык университети Өсүмдүктөрдү өстүрүү жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасы- доцент.
| |
Илимий изилдөөлөрү
Жарык көргөн эмгектердин саны. | Дан эгиндери – зыянкечтери, илдеттери, отоо чөптөру;
32 | |
|
| |
Окутуучу сабактар.
| 1. Ботаника, 2. Энтомология жана фитопатология, 3. Гербология жана карантиндик отоо чоптор, 4. Өсүмдүктөрдү биологиялык жол менен коргоо.
| |
Стажировка жана жогорулатуу курстары
| 1. «Билим берүү программаларын аккредитациялоо» окуу курсу Тышкы эксперттик комиссия “BILIM-STANDARD” көз карандысыз аккредитация агенттиги, Бишкек, 27-28-февраль, 2020-ж., 2.Карантиндик жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерине, зыянкечтерине жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана министрликтеринин, Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти. Бишкек, 16-18-февраль, 2020-жыл., 3. Айыл чарбасы аркылуу туура тамактануу практикасын бекемдөө USAID, SPRING, К.И.Скрябин атындагы КУАУ Бишкек, 5-6-апрель 2018-ж., 4. ФАО, КР ГАООСЛХ, К.И.Скрябин атындагы КУАУ менен кызматташуунун стратегиялык негиздерин өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү Бишкек, 11-14-ноябрь 2019-жыл. | |
Негизги илимий эмгектер
| Айыл чарбасынын жана айыл чарба осумдукторунун актуалдуу проблемалары.,Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы – «Пахтаны өстүрүүнүн агротехникасы», «Жүзүм өстүрүүнүн агротехникасы» фермерлер үчүн окуу модулу | |
Тил билүүсү: | Кыргыз тили- эне тил, орус тили – эркин, немец тили- сөздүк менен | |
| Адаптациялоо, ишеним, коммуникативдуу,топ менен биргеликте иштөө онлайн репутациясында иш билүү. | |
Байланыш дареги Моб. тел: | Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абая көч 5/2. (+996) 501280188 | |
Эл.почта: |
Орынтаева Калбубу Бейсенбаевна
E-mail: kalbubuoruntaeva56@gmail.com
Резюме
Аты-жөнү | Орынтаева Калбубу Бейсенбаевна | ||
Туулган күнү, жылы | 01.06.1956 | ||
туулган жери | Карасуу а, Алматы областы, Казах ССР
| ||
Жарандыгы | Кыргыз Республикасы | ||
Улуту | Казах
| ||
Кызмат орду жана иштеген жери | К. И. Скрябин атындагы КУАУнун өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын улуу окутуучусу.
| ||
Билими | К. И. Скрябин атындагы. Кыргыз айыл чарба институту Агрономия факультети “Агромелиорация адистиги боюнча агроном”. | ||
Окумуштуулук даражасы: |
— | ||
Окумуштуулук наамы: |
— | ||
Сыйлыктары: | 1989-ж. – К.И. Скрябин атындагы АЧИ нун Ардак Грамотасы. 2008-ж. – К.И.Скрябин атындагы КУАУ нун Ардак Грамотасы. 2016-ж. – К.Р. билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы. | ||
Жалпы эмгек стажы:
| 47 жыл, анын ичинен илимий-педагогикалык – 42 жыл | ||
Иш тажрыйбасы: |
|
| |
1979 – 1993-жж. | К. И. Скрябин атындагы АЧИ “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” кафедрасынын ассистенти. | ||
1993г. азыркы күнгө чейин | К. И. Скрябин атындагы КУАУ нун “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо” кафедрасынын ага окутуучусу.
| ||
Илимий изилдөөлөр:
Жарык көргөн эмгектердин саны. | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, жашылча өстүрүүчүлүк. Изилдөөлөрдүн негизги багыты: 1. Аралыктагы айдоода дан үчүн өстүрүлгөн жүгөрүүнүн жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүүнүн өстүрүү технологиясын иштеп чыгуу. 2. “Чүй өрөөнүнүн шартында өстүрүлгөн жашылча өсүмдүктөрүнүн илимий негизи” 2018-2020ж.. 3. “Кыргызстандагы жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнчүүлүгү. Чүй өрөнүндөгү фермердик чарбалардын шартында өстүрүлгөн капуста жана томат өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүнүн өзгөчөлүгү.” 01.01.2022– 31.12.2024-жж.
15 тен ашык илимий иштердин, 2 студенттер үчүн методикалык көргөзмөнин жана 3 фермерлер үчүн методикалык көргөзмөнин автору. 2020 жылы Мамлекеттик сорт жана гибриддердин реестрине киргизилген томаттын жергиликти ,”Мира”,”Салтанат”,”Эр-Дархан” сортторунун авторлоруунун бири. | ||
|
| ||
Окутуучу сабактар.
| 1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк 2. Тоют өндүрүү 3. Жеке өсүмдүк өстүрүүчүлүк 4. Өсүмдүк продукциясын өндүрүү | ||
Стажировка жана жогорулатуу курстары
|
|
| |
1-апрелден 30-июнь, 1982-жыл. 1 апрелден 15 апрель, 2019 ж. 15-март, 2021ж.
Негизги илимий эмгектер
| – К. А. Тимирязев атындагы айыл чарба академиясы, Москва ш.
-К.И.Скрябин атындагы КУАУ нун “Прикладдык информатика жана технологиялык система” кафедрасында компьютер үйрөнүү боюнча курс. -“ Айыл чарба зыянкечтерине жана отоо чөптөрине каршы күрөшүү жана өсүмдүктөрдүү коргоо.” темасындагы курс.
1.Жүгөрүүнүн гибриддерин аралыктагы айдоода өстүрүү. 2.Себүү мөөнөтүнүн аралыкта өстүрүлгөн жүгүрүнүн данын түшүмүнө тийгизген таасири.
| ||
Тил билүүсү | казакча – эне тил, кыргызча , орусча – эркин
| ||
Жөндөмдүүлүгү | Окуу процессин жогорку денгээлде уюштуруп, балдарга жеткирүү Коллектив менен тил табышуу жөндөмдүүлүгү жогору • Microsoft Office (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power point), Interne
| ||
Байланыш дареги Моб. тел: | Кыргыз республикасы, Бишкек ш., Көк-Жар конушу, Конорчок 182. (+996) 550 311956 | ||
Эл.почта: | kalbubuoryntaeva 56 @ gmail.com | ||
Бабаев Абдиманнап Пахырдинович
E-mail: Babaev64@mail.ru
Резюме
Аты-жөнү | Бабаев Абдиманнап Пахыридинович | ||
Туулган күнү, жылы | 27.03.1964 | ||
туулган жери | Кара -бак а, Ош областы, Кыргыз ССР
| ||
Жарандыгы | Кыргыз Республикасы | ||
Улуту | Кыргыз
| ||
Кызмат орду жана иштеген жери | К. И. Скрябин атындагы КУАУнун өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын улуу окутуучусу.
| ||
Билими | К. И. Скрябин атындагы. “Ардак Белгиси” орденинин Кыргыз айыл чарба институту Агрономия факультети “Окумуштуу Агроном” квалификациясы ыйгарылган. | ||
Окумуштуулук даражасы: |
— | ||
Окумуштуулук наамы: |
— | ||
Сыйлыктары: | 2010-ж. – К.И. Скрябин атындагы КУАнун Грамотасы. 2012-ж. – К.И.Скрябин атындагы КУАУ нун Ардак Грамотасы.
| ||
Жалпы эмгек стажы:
| 41 жыл, анын ичинен илимий-педагогикалык – 20 жыл | ||
Иш тажрыйбасы: |
|
| |
|
| ||
|
| ||
|
| ||
|
| ||
1981 – 1982-жж.
1982 – 1984-жж.
1984 – 1985-жж.
1985 – 1992-жж.
1992 – 1993-жж.
1993 – 1995-жж.
1995 – 1996жж.
1996 – 1997-жж.
1997 – 1998-жж.
1998 – 2002-жж.
2002 – 2007-жж.
2007 – 2009-жж.
| Баткен сугат системалар башкармасы. «Гидро байкоочу»
Советтик Армиянын кызматы «Талаа Почтасы 96004» Монголия.
К.И. Скрябин атындагы. «Ардак белгиси» орденинин Кыргыз айыл чарба институнун Даярдоо болуму.
К.И. Скрябин атындагы «Ардак белгиси» орденинин Кыргыз айыл чарба институту Агрономия факультети.
Агроном Тамеки остуруучуук жана жибек курту боюнча.
Баткен мамлекеттик атайын чарбасынын №5 Пахтачылык бригадасынын бригадири.
Башкы агроном Баткен мамлекеттик атайын чарбасы.
Баткен районунун «Базар –башы» кооперативинин тороагасы.
К. И. Скрябин атындагы КАА “Осумдук өстүрүүчүлүк” кафедрасы Улук жардамчы.
К.И. Скрябин атындагы КАА “Осумдук остуруучулук” кафедрасынын тушум жыйноочу инженери.
К.И. Скрябин атындагы КАУнун “Осумдук остуруучулук” болумунун ассистенти.
К.И. Скрябин атындагы КАУнун “Токой чарбасы” кафедрасынын ага окутуучусу. | ||
|
| ||
2009ж. азыркы күнгө чейин | К. И. Скрябин атындагы КУАУ нун “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо” кафедрасынын ага окутуучусу.
| ||
Илимий изилдөөлөр:
Жарык көргөн эмгектердин саны. | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк, жашылча өстүрүүчүлүк. Изилдөөлөрдүн негизги багыты: 1. Аралыктагы айдоода дан үчүн өстүрүлгөн жүгөрүүнүн жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүүнүн өстүрүү технологиясын иштеп чыгуу. 2. “Чүй өрөөнүнүн шартында өстүрүлгөн жашылча өсүмдүктөрүнүн илимий негизи” 2018-2020ж.. 3. “Кыргызстандагы жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнчүүлүгү. Чүй өрөнүндөгү фермердик чарбалардын шартында өстүрүлгөн капуста жана томат өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүнүн өзгөчөлүгү.” 01.01.2022– 31.12.2024-жж.
15 тен ашык илимий иштердин, 2 студенттер үчүн методикалык көргөзмөнин жана 3 фермерлер үчүн методикалык көргөзмөнин автору. 2020 жылы Мамлекеттик сорт жана гибриддердин реестрине киргизилген томаттын жергиликти ,”Мира”,”Салтанат”,”Эр-Дархан” сортторунун авторлоруунун бири. | ||
|
| ||
Окутуучу сабактар.
| 1. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк | ||
Стажировка жана жогорулатуу курстары
|
|
| |
Негизги илимий эмгектер
| – К. А. Тимирязев атындагы айыл чарба академиясы, Москва ш.
-К.И.Скрябин атындагы КУАУ нун “Прикладдык информатика жана технологиялык система” кафедрасында компьютер үйрөнүү боюнча курс. -“ Айыл чарба зыянкечтерине жана отоо чөптөрине каршы күрөшүү жана өсүмдүктөрдүү коргоо.” темасындагы курс.
1.Жүгөрүүнүн гибриддерин аралыктагы айдоода өстүрүү. 2.Себүү мөөнөтүнүн аралыкта өстүрүлгөн жүгүрүнүн данын түшүмүнө тийгизген таасири.
| ||
Тил билүүсү: | казакча, кыргызча – эне тил , орусча – эркин | ||
| • Microsoft Office (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power point), Interne | ||
Байланыш дареги Моб. тел: | Кыргыз республикасы, Бишкек ш., Абая 2/3 (+996) 222787600 |
Алакунов Алмаз Тансыкович
E-mail: a_ alakunov@bk.ru
Резюме
Ф.А.А. | Алакунов Алмаз Тансыкович | |||||
Туулган жылы, күнү | 10.01.1981 ж. | |||||
Туулган жери | Бишкек шаары | |||||
Жарандыгы | Кыргыз Республикасы | |||||
Улуту | Кыргыз | |||||
Иштеген жери, кызматы | К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ага окутуучусу | |||||
Билими | Жогорку | К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети | ||||
|
| |||||
Илимий даражасы | — | |||||
Илимий наамы | — | |||||
Наамдары | Айыл чарбасынын отличниги | |||||
Жалпы иш стажы | 19 жыл | |||||
Иштеген жери | КР Куралдуу Күчтөрүнүн катарындагы кызмат | Солдат | 1,5 жыл 2003-2004-жж. | |||
АЧМнин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | Бөлүм башчы | 18 жыл 2004-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин | ||||
К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети | Ага окутуучу | 3 жыл 2019-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин | ||||
Илим изилдөө тармагы | Өсүмдүктөрдү коргоо | |||||
Жарыяланган эмгектеринин саны | 12 | Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги зыянкечтеринин, илдеттеринин жана отоо чөптөрүнүн пайда болушуна жана таралышынын обзору жана алардын пайда болушунун жана таралышынын болжолу. | ||||
3 | Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын каталогу | |||||
Окутулуучу дисциплиналар | Өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары | |||||
Стажировкалар жана квалификация жогорулатуу курстары | 2010-ж. | Сирия (ИКАРДА) | ||||
2012-ж. | Австралия (Чегирткелерге каршы күрөшүү агенттиги) | |||||
Негизги илимий эмгектери | Кыргызстандагы зыянкеч чегирткелер | |||||
Билген тилдери: | Кыргызча | |||||
Орусча | ||||||
Жөндөмдүлүгү | Microsoft Office (Microsoft Word, Microsoft Excel, Microsoft Power point), Internet | |||||
Контакттык дареги | Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Токтогула көчөсү, 3 | |||||
Эл. почта |
Адылбаев Нурдин Бактыбекович
E-mail: nurdin.abylbaev@gmail.com
Резюме
История кафедры
В преддверии 70-летия Кыргызского аграрного университета в 2002 году 8 февраля был создан технологический факультет под руководством тогдашнего ректора университета Б.Сыдыкова. В структуру факультета вошли следующие кафедры: первичной переработки и хранения продукции сельского хозяйства; переработки продукции растениеводства; переработки продукции животноводства. В 2010 году кафедры были объединены в одну – кафедру технологии переработки сельскохозяйственной продукции. Кафедра с 2019 года носит имя профессора Б.Сыдыкова. Кафедру возглавляет доцент, к.х.н, «Отличник образования КР» Мааткеримова Ж.М.